“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Жайында жылдын төрт мезгилин көргөзгөн Көл-Купан

17 Июнь 2021 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны: 43

Көл-Купан Жалал-Абад облусунда, Багбаш-Ата чокусунун артында деңиз деңгээлинен 2838 м бийиктикте жайгашкан.

Көл-Купанга барган Шохрух Мирзакаримовдун тарткан сүрөттөрүнөн кооз көрүнүштөрү менен бөлүшөбүз.

«Мен Көл-Купанга 4-июнь күнү бардым. Жаратылыштын кооздугу мени таң калтырып, табыгый адам колу тийе элек жер мени суктандырды. Анан дагы мени өзгөчө сезимимди ойготкон июнь айы болгондугуна карабай Көл-Купанда жыл мезгилдин төрт мезгилин көрүүгө болот. Көл-Купандын бир жеринде кар жатса, экинчи жагында гүлдөр гүлдөп турганын көрдүм»-деди Мирзакаримов.

Арстанбаптан Көл-Купанга чейин аралык картада көрсөтүлгөн

Көлдөр тизмегине Көл-Купан, Айнек-Көл, Кабыр-Көлдөр кирет.

Көлдүн өзгөчөлүгү катары анын күзүндө суунун деңгээли төмөндөп, жай мезгилинде мөңгү суусу менен толушунда. Андан сырткары көлдөр бир-бири менен жер астынан суу агып кирүүсү жана суунун агып чыгуусу менен айырмаланат.

Көл-Купан көлү

Жай мезгилинен тартып ички туристтер, Жайтерек, Арстанбап, Ноокен, Каба, Базар-Коргон району, Ноокен районунун тургундары жыл сайын эс алууга барышат.


Сырттан келген туристтер да бул жаратылыштын кооздугуна баа берүү үчүн тез-тез барышат.

Ар түрдүү жапайы жаныбарларга толгон бул жер ички жана сырткы туристтерди өзүнө тартып турат.

Азыркы учурда бул жаратылыштын кооздугун сактап калуу үчүн жергиликтүү калк жана туристтер кам көрүүсү зарыл. Себеби жаратылышка адамдын оң таасиринен терс таасири көбүрөөк тийиши анык.

Суунун тунуктугу жана муздакты таң калтырат

Жаңы көчөттөрдү отургузуу, жылуулук энергиясын жолго коюу керек. Жөнөкөй тамак даярдоо үчүн да биз жаратылыштын белектерин пайдаланабыз. Мунун ордуна альтернативдуу жолдорун колдонуу зарыл жана учурдун талабы.

Айнек-Көл

Арстанбап айлынын жергиликтүү калкын көпчүлүк бөлүгү Көл-Купанга баруу жолун толугу менен билишет. Жай мезгилинде ички туристтер үчүн гид кызматын да көрсөтүшөт.

Көл-Купандагы жаз

Көл-Купандын экинчи тарабында кыш

Жай мезгилин элестеткен көрүнүш

Күз мезгили келип калгандай сезимдер

 

Суу тунук жана муздак

 

Дагы сүрөтбаяндарды көрүңүз:

Сүрөт: Ат — Башы Босого жайлоосу
Сүрөтбаян: Кара-Суу айыл аймагы

Сүрөтбаян: Кызгалдак гүлдөгөндө атайын сүрөткө түшкөнү келишет
 

Тимурлан Мелисбеков