“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаштардын активдүүлүгүн көтөрүү үчүн айыл өкмөтү менен өнөктөш болуу маанилүү

1 Июнь 2021 жыл 22:24
Көрүүлөрдүн саны: 42

Могол айыл өкмөтүндөгү жаштар активсиз. Алар коомдук иштерге катышпайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 миллион жаштар  (жаш курагы 14-28) жашайт. Ушул сандын 30 пайызы шаарларда, ал эми 70 пайызы айыл жергесинде жашайт.

 

Ал эми жалпысынан мамлекттик деңгээлде жаштардын коомдук-саясий  иштерге аралашуусу 18,4% жаштардын жарымынан азы шайлоого катышат жана көбүн эсе тек шайлоочу катары чектелген, талапкер жана байкоочулар аз. Коомдук ишке аралашуусу, анын ичинде ыктыярчылык  12% пайызды гана түзөт.

Могол айыл аймагынын жаштары

Жергиликтүү  бийлик канчалык деңгээлде колдойт жана жаштар активдүүбү деген  суроолорду «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында  жаштар өз айылдарында изилдөө жүргүзгөн.

Жаштардын ою маанилүү

Ушул долбоордун катышуучусу жана коомдук активист Жавахыр Мирзаев изилдөө процесси кандай болгонун жана жаштар боюнча өз оюн айта кетти:

«Жаштар азыркы учурда активсиз. Себебин айта кетсем, биздин өкмөттүн жаштары акыркы 4-5 жылдан бери билим жана спорт боюнча чыккан жок. Аракет кылып чыккандар бар, бирок алар өтө аз. Коомдук иштерге катышпайт. Өз позициясын көтөрүп чыккандар жокко эсе.»

Дебатер, активист Жавахыр Бахтияр уулу

Могол айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы Кыял Тиленов төмөндөгүлөргө токтолду:

«Могол айыл өкмөтүнүн жаштары миграцияда көп жүрүп, айылда студенттер жана окуучулар бар. Негизи коомдук уктуруу эл үчүн. Ал жерде чондор, имамар, аялдар, иштегендер келет деген сөз жок. Сөз жаштардын өздөрүнүн кызыкчылыктарынын жоктугунда болуп жатат. Коомдук уктуруу болот деп жарыя кылабыз. Атайын келип, уктурууларга, ачык сессияларга катышса болот. Жаштардын айыл өкмөттүн ишине өнөктөш болуусу эң жакшы. Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов да жаштардын бул сунушун колдоосун айтты. Жаштар менен биргеликте көп иштерди алып барабыз. Жумушчу топ менен биргеликте 6 айылга элдик жыйындарды өткөрүп келдик. Ал жакта элдин көйгөйлөрү, жаштарды уктук. Негизги иш планыбызды түзүп алдык. Эми иштейбиз буйруса.»

Могол айыл өкмөтүнүн  тургуну Эржан Анаркулов белгилей кетти:

«Жаштар өздөрү кайрылышпайт. Каалосу болсо максатына жетсе болот эле. Өз демилгесин көтөрүп чыгышпайт жана кантип кайрылышты да билбейт. Оозеки айтып гана чектелип калышат. Бир эле жаштар эмес жергиликтүү бийлик да көңүл буруусу аз. Жаштардын көйгөйлөрүн билишпейт. Майрамдык иш чаралар өтпөйт. Спорттук иш чаралар өтө аз санда өткөрүлөт»

Эржан Анаркулов

Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координару жана «Демилгелүү жаштар» Могол жумушчу тобунун жетекчиси Гулназ Камбарали кызы:

«Жаштарыбыз кайдыгер деп эсептейм, анткени алар көп жылдардан бери өз ойлорун айтпай, коомдук иш чараларга катышпай келишүүдө. Ушул себептен болсо керек деп ойлойм. Баса, жаштар үчүн шарттар жок. Биз азыр жаштар үчүн окутуу борборун ачуу аракетиндебиз. Эгерде борбор ачылса, ар түрдүү курстар пайда болуп, жаштар бош убактысын окутуу борборунда билим алышат. Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов да колдоосун билдирди.»

«Жаштар-бул өнөктөштөр. Аларды күч катары кабыл албай, өнөктөш катары көрсө, айылдын көп иштерин аткарат деп ишенем» Гүлназ Камбарали кызы

Ал эми жумушчу топ өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгын карап кетсек:

Могол айыл өкмөтүн эң приоритеттүү көйгөйлөр деп жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттар жок (мектепте тил курсттары , компьютер ж.б) деп 43% респонденттер жооп беришти, жаштарга арналган эс алуу жайлар жоктугу-40%, жаштар үчүн спорттук жайлар жоктугу-25%, жаштардын критикалык ой-жүгүртүүсү төмөн -14% деп белгилешти. Бул көйгөлөрдү чечүү аракетин респонденттер кылган эмес(64%), анткени бул нерсе башкалардын милдеттери катары көрүү жана айыл өкмөткө баары бир жана жергиликтүү бийлике ишеним жок деп басым жасашты. Чечүүгө аракет жасашты деп 36% катышуучулар белгилешти, алар бул маселелерди демилгелүү топторго кошулуп жана айыл өкмөтүнө кайрылуу жасоо аркылуу аракет көрүшкөн.

Жаштардын активдүүлүгүнүн төмөндөгү жаштардын кайдыгерлигинде (10%), маалыматтын жоктугунда (7%), кайрылуу жолун билбегендиктен (4%) ж.б. Ошол эле учурда жаштардын көбү өз көйгөйлөрүн жеткирүүнүн эффективдүү каналы тууралуу ойлонгон эмес(27%). Оз муктаждыктарын жаштар коомдук угуулар, жаш депуттар аркылуу, каттарды жөнөтүү аркылуу жана шаардык депуттар менен жолугушуу аркылуу чечсе болот дешет. Ушул жолдорду колдонуу аркылуу жаштардын муктаждыктарын тек гана- 14% жеткиришет.

 

Бул абалды өз учурунда жергиликтүү бийликтин органдары да тастыкташкан. Алардын айтымында жаштар коомдук, бюджеттик угууларга аз санда катышышат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан жаштар маселеси акча каражат бюджеттин тартыштыгына байланыштуу тек гана майрам учурунда белелк берүү аркылуу гана ишке ашарын айтышты.

Иш-план түзүү мезгили

Чындыгында изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй жана жергиликтүү бийлик жана улуу муундар жаштарды өз маселелерин чечүүдө активдүү субъект катары көрүшпөйт жана жаштардан тартип маселесин бекем сактоосун гана күтүшөт. Жалпы саясат жаштарды аралаштырууга багытталган эмес.

Жаштардын активдүүгүн көтөрүп жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өнөктөш болуп, биргеликте иш алып барсак деп максат койгон жумушчу топ айыл эли үчүн, жаштар үчүн аракеттенип, иштешебиз деп ишенишет.

Бул макала Фридрих Эбберт фондунүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Макаладагы ойлор фонддун көз карашын чагвлдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков