“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Пандемияда аялдар зомбулукту көп көрдү

29 Май 2021 жыл 0:25
Көрүүлөрдүн саны: 55

2020-жылдагы пандемия мезгили көп үй бүлөлөрдү сынады. ИИМдин статистикасын карасак-2020-жылдагы 9025 учурдун 944 гана сотто каралган, бул 11-12%. Калган фактылар жазасыз калып же ич ара чечишип алган учурлар болду.

Негизи аялдарга карата зомбулуктун күч алуусун пандемияга байланыштырсак, кээ бир активисттер мурунтан эле бул көрүнүш кайталанып келгени айтылат. Чындап эле пандемияда зомбулук күч алдыбы? деген суроону жергиликтүү кеңештин депутаты, активист Гүмүш Жумалиевага бердик:

-Мен активист катары эл арасында көп жүрөм. Пандемия кезинде да мындай зомбулукка кабылган аялдар жөнүндө интернеттен, социалдык тармактардан көп окуп, жан дүйнөм кейиди. Анткени аял бул апа, эже, синди, карындаш жана кызың. Аялдардын дөңгөлөк илип алып, зомбулук көрсөткөн фактыны да көрдүк. Натыйжасында сот болду. Бирок аял өз арызын кайтарып алып, зөкүр күйөө жазага тартылган жок. Эмнеге деген суроо жаралат. Балким ал аял бала-чакасын ойлогондур, алардын келечеги үчүн тынчсыздангандыр. Бирок ушинтип жазага тартылбаган күйөө кайрадан эле зомбулук кылбайт деп ким кепилдик бере алат. Албетте эч ким…

Гүмүш Жумалиева

Негизи пандемияда аялдарга зомбулук көрсөткөндөр көбөйдү. Жаш кыздарды зордукталганы, кордук көргөнү жан кейитет. Пандемияда баарыбыз үйдө олтуруп калдык, ар түрдүү талаш-тартыштардан уруш-чыгат.  Уруш чыкканда мырзалар кол көтөрүп, балдарын чыркыратып, коркутуп, ичип келип үй-бүлөсүн көчөгө чыгарып койгондор да болду.

Аялдар кечке үй иши менен убара болот. Жолдошуң туура түшүнүп, жардамдашса анда ал үй бүлөдө уруш болбойт. Бул аялдын иши деген стереотип бар. Бул туура эмес. Аял киши жасаган ишти эркектер да жасайт. Ал жубайына жардам бергени үчүн жаман иш жасаган жок.

Тескерисинче, аялына сый-урмат көрсөтүп жатат. Ошондуктан мырзаларды чакырып кетет элем, эч качан аялдарга кол көтөрбөгүлө аял да бирөөнүн айдай кызы, сенин балдарыңдын энеси, сенин өмүрлүк жарың. Өз жубайыңа сый көрсөтүү менен бакубат жашоо, тынч өмүр сүрүүгө жол ачасынар»,- дейт Гүмүш Жумалиева.

Айыл тургуну: “Пандемияда аялдарга кыйын болду”
Гүлназ Камбарали кызы