“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Пандемияда кызматкерлерди кыскартууга туура келди

19 Май 2021 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 64

2020-жылдын 16-мартында башталган пандемия азыркы күнгө чейин ишкерлердин ишине тосколдуктарды жаратып, кыйын кездерди өткөрүп жаткандай.

Жалал-Абад шаарындагы «Манап» мейманканасынын кожейкеси Айчүрөк Рысбаева төмөндөгүлөргө токтолду:

«Былтыркы жылдын март айында башталган карантин менин жеке ишкерлигиме да кедергесин тийгизди. Мен иштеткен мейманкана, мончо жабылды. Көп пландарыбыздын ишке ашышына тоскоол болду. Карантин деп марттан баштап, сентябрь айына чейин мейманкана, мончо жабылып, иштеген жокпуз.

Манап мейманканасынын кожейкеси Айчүрөк Рысбаева

Пандемияга чейин мейманкана күнүгө толуп турчу. Дайыма конокторубуз болчу. Ал кезде иштер менен, окууга, жыйынга келген коноктор бизде токтошчу. Бишкек, Чаткал, Оштон облустун алыска аймактарынан келип жатышчу. Пандемия башталгандан бери баары онлайнга өтүп, коноктор жок.

Бизде баары болуп пандемияга чейин 12 кызматкер иштечү. Азыр кызматкерлердин айлык акысын төлөп бере албай, кыскартууга туура келди. Конок жок, киреше да жок. Айлык акы төлөөдө кыйналдык. Бүгүнкү күндө мейменканада төрт эле кызматкер калды.

Эми буйруса тынч жашообуз кайра келсин, Аллахым тынчтык берсин. Жерибиз элибиз тынч-аман болсо, ишкердик да өз ордуна келет. Кайра мурдагыдай иш маалыбызга келебиз деген үмүттөбүз».

Гүлназ Камбаралиева