“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эмдөөнү каалоосу менен алышат

14 Май 2021 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 36

Могол айыл аймагында май айынан баштап эмдөө башталды. Эмдөөнү элди тейлеген мед кызматкерлер, мугалимдер, балдар бакчалардын кызматкерлери алуусу керек.

Ооган-Талаа айылындагы №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Нурайим Стамбекова:

Ковид- 19 вирусуна каршы эмдөө азыркы күндө да жүргүзүлүп жатат,  биз буга чейин эсептелүү гана адамдарды жасадык, бул деген мектепте иштеген мугалимдер жамааты, мектепке чейинки балдар бакчасындагы кызматкерлерди эмдөөдөн өткөздүк. Бирок тилекке каршы бизге 30 эле доза келген,  бул деген 30 адамга гана жетет. Дагы келет, ушуну болсо да жасап туралы десек, Могол айыл аймагынын мектептеринин мугалимдер жамааты көбү эле баш тартышты.

№12 дарыгерлер тобу

Ошентип биз 16 эле кызматкерге жасадык, дагы 14 адамга жасашыбыз керек, азыркы учурда 14 доза эмдөө үчүн дары турат. Эгер булар албаса, эмдоо алгандан баш тартты деп отчёт беришибизге туура келет.

Эмдөө алгандан кийин ушул күнгө чейин эч ким даттанып келген жок. Бардыгы эле эмдөөнү жакшы кабыл алышты. Мен өзүм да 17-апрель күнү биринчи турду алганмын, 7-май күнү  2-тур эмдөөнү алып келдим. Менде эч кандай белгилер болгон жок, иштеп эле жүрөм. Көк-Алмага,Чкаловко барып, эч кандай кыйналганым жок. Орозо болсом да алдым, менден башка кызматкерлер да алышты, оозунар деле ачылып калбайт деп түшүндурүп айтсак деле негедир ар шылтоону айтышып албады. Мугалимдер келип отказ кылып кеткендер көп болду.
Аллергиясы барларды, эмчек эмизип жаткандарды, кош бойлуу аялдарды өзүм алууга мүмкүн эмес деп бердирбедим.

«Вакцинаны-эч жери оорубаган, дени сак, ар бир адам алса болот. Биз  биринчи медициналык кызматкерлер алганбыз, бардыгыбыз райондон алдык. Райондук ооруканадан алганбыз. Ал Эми мектеп жамааты, балдар бакчасын биз өз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда  жасап атабыз. Эми бул эмдөөнү сахар диабет менен ооругандар, сахары нормада болуп турган убакта алса болот, кан басымы жогорулар кан басымын түшүрүп алса болот. Негизи алганга бардыгы аракет кылыш керек. Ар шылтоону айтпастан, андан соң мурдагы эмдөөлөрдү алып жүргөндө аллергия болуп, кандайдыр бир реакция болгон болсо, аларга биз өзүбүз эле жасабайбыз. Анан ар кайсы шылтоолорду айтып, вакцина алгандан баш тартып жаткандар да көп болуп жатат», -деди дарыгер Нурай Стамбекова.

Дарыгерлер айылдагы элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

«Мен дарыгерлер келип айтканда эле мен эмдөөдөн өз каалоом менен өтүүнү чечтим. Сабактан кийин эле №11 дарыгерлер тобуна барып эмдөөгө келгенимди айттым. Анда дарыгер Нурай Стамбекова бар экен. Азаматсыз биринчилерден болуп сиз эмдөөдөн өтөм деп келдиңиз. Эч нерседен корпоңуз, биз деле алдык, эч кандай ооруксунуу болгон жок деп ишендире айтты. Ошондо менде коркуу, күмөн саноо сезим жок болду. Эмдөөдөн өтүп эле Базар-Коргонго барып келдим. Үйгө келгенде деле эч нерсе байкалган жок. Азыр алганыма 12 күн болуп калды. 21-майдан 28-майга чейин келип экинчисин алыңыз деп айткан. Буйруса ошол күндөрү барып аламын», -деп билдирди мугалим Алтынай Токтогулова.

Алтынай Токтогулова биринчилерден болуп эмдөө алган

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Айчүрөк Жамгырчиева: «Эмдөө алгыла деп дарыгер айтып кеткенден кийин эле мен ооруканага бардым. Барсам өнөкөт ооруларынар жокпу деп сурашты. Менин башым ооруп турат. Ошондуктан, тез-тез дарыланып турам десем, анда сиз Базар-Коргон райондук ооруканага барып, дарылаган врачтан уруксат кагазын алып келиңиз. Эгер врач алса болот деп тыянак чыгарса, сизге беребиз деди. Ошентип мен эмдөөдөн өткөн жокмун.»

Айчүрөк Жамгырчиева «Дарыгериме барып, уруксат кагазын алып келип эмдөөдөн өтөмүн»

Ошондой эле, Көк-Алма айылынын математика мугалими Эмил Талипов да алган эмес. Анын айтымында ар түрдүү уккан сөздөрдөн кооптонуп албай жатканын билдирди.

Эмил Талипов: «Эмдөөдөн баш тарттым».

Айыл эли вакцина тууралуу ар түрдүү пикирде

Гулназ Камбарали кызы, Элянора Капарова