Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттарын тапшыруу болуп өттү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Төмөндө окуңуз
Азимжан Мырзаев: Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ группасынын жетекчиси боломун. Бүгүн мына Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандат тапшырганы келгенбиз, күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшырдык. Могол айыл өкмөтүнөн 21 депутаттары шайланган. Жалпысы 21 болсо, андан 8 аял киши 13 жигиттерден шайланды. Буларды чын жүрөктөн куттуктаймын, бакыт таалай, иштерине ийгилик, эл үчүн күйгөн, эл үчүн кызмат кылган депутаттардан болоорун каалайбыз.
Эркин Турдукулов Могол айылдык округунун башчысы- Бүгүнкү иш чара жакшы өттү, мында депутаттарга мандат берилди. Эми депутаттар социалдык-эканомикалык маселелерди чечүүгө, Эканомикалык өнүгүү пландарды аткарууга өбөлгө түзүп, аны жүзөөгө ашырууга жардам беришет деп ишенемин. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү 30% аялдарга квота бергендиктен, депутат айымдардын көп болгондугу болду. Айымдар бар жерде көп социалдык маселелер көтөрүлөт. Демек Могол айыл аймагында көп өзгөрүүлөр болот деп ишенем.
Абдашим уулу Жандарбек: Чкалов айылынан болом, 29 жаштамын. Мен шайлоого биринчи катышып, элимдин ишенимин алып, жергиликтүү кеңешке депутат болуп келдим. Бүгүнкү иш-чара жакшы өттү. Колдон келишинче буйруса элге кызмат кыламын.
Эрнис Турдукулов: Биринчиден мен бүгүнкү Могол айылдык кенештин 7- чакырылышындагы мандат ээлерин куттуктайм. Бул мандат ээлери келечекте элдин жүгүн аркалап, айыл аймагына кызмат көрсөтүп, элибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат көрсөтөт деп ойлойм.
Мен 3 жолку чакырылыштын депутаты болдум. Мурдагы чакырылыштарда да элибиз үчүн бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келгенбиз. Мен юрист катары бир топ маселелерди туура, так чечууго аракет жасайм. Мындан ары да өз элиме, жериме кызмат кылып, чоң салым кошууга аракеттенем.
Мурдагы чакырылыштарда берген убадаларымды толугу менен аткардым. Айыл ичин жарыктандырдым. Көпчүлүк аз камсыз болгон үй-бүлөнү учетчик менен камсыздадым. Буокол айылынын көпүрөсүнүн жаңылануусуна салым коштум. Ички жолдорду ондоого проект өткөрдүм. Эми Ооган-Талаа айылын таза суу менен камсыз кылууда суу жетпей калган чет жактарга өз жанымдан түтүктөрдү алып, суу тартып барууну пландап жатам. Мисалы катары айта кетсем Майда-Жанак көчөсүнө.
Жергиликтүү кеңештин айым депутаттары
Биринчи жыйында Аймактык шайлоо комиссиясынан келгендер сөз сүйлөп, андан кийин Кадича Жумабаевага сөз берип ал өз кезегинде адилеттүү төрага шайлап алсак, элге керегибиз жарап, айылдардын көйгөйүн чечели деди.
Жыйында жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо болду. 21 депутаттын ичинен Абдилаким Мамарасулов төрага болуп дайындалып, анын жардамчысы Марат Токтобаев болду.
Тимурлан Мелисбеков, Айдай Жапарова, Гулназ Камбарали кызы