“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Айылда СOVID-19 катталган жок

9 Май 2021 жыл 23:28
Көрүүлөрдүн саны: 46

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 катталган эмес. Могол айыл аймактык ооруканасынын улуу мээрманы Кадича Жумабаева  төмөндөгүлөргө токтолду:

Азыр Могол айыл аймагында элдердин абалы туруктуу, пандемия менен катталган адам жок. Оору азыр күчөп жатат, бирок биз жакта жок, адамдар беткап тагынышпай, аралыкты сактабай, той-тамашаларды өткөрүшүп, базарларда жүрүшүп, гигиенаны сактабай жатышат.

Кадича Жумабаева

Аймактагы жети мектепке барып алардын санитардык гигеналык абалын текшерип турабыз. Ар бир окуучуда кайнатылган суу, антисептик, беткап менен келүүсүн көзөмөлдөйбүз.

Ал эми азыр жаз мезгили болгодуктан өнөкөт оорулар менен кайрылгандар көп. Аларга дарыларды жазып берип, бейтапканага жаткыра тургандарын жаткырып жатабыз.

Азыр биздин мед кызматкерлер толук эмдөөдөн өтүштү.

Айдай Жапарова, Гулназ Камбаралиева