“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

COVID-19: Оорудан сактанып учурашпай калдык

9 Май 2021 жыл 13:07
Көрүүлөрдүн саны: 42

Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында пандемия мезгилинде кары-картаңдардын абалы кандай экендигин билүү үчүн кайрылдык.

Аким Эргешов — Мугалим болуп иштеген, азыркы учурда пенсионер

«Мен Эргешов Аким Ооган-Талаа айылында жашаймын. Пандемиядагы азыркы абалым жакшы. Пандемия мезгилинде эң негизгиси гигиеналык эрежелерди, аралыктарды сакташ керек, беткап тагуу. Коомдук жайларда гигиеналык эрежелерди сактап жатам. Көрүнгөн менен учурашпай, кол кармашпай, баш ийкеп саламдашууга туура келип жатат».

Иният Акматалиева Музыка мугалими болуп иштеп азыр ардактуу эс алууда

«Мен Иният Акматалиева 70 жаштамын. Азыркы учурда  эки жакка чыкпай жатабыз, үйдө болобуз көбүнчө, керектүү даары-дармекти алып, камдап койгонбуз. Кан басымым көтөрүлүп тургандыктан дары алып койгом, эки жакка чыкканда беткап тагып жатабыз. Азыр үчүнчү толкуну болуп жатат дешти, бул  толкунунда адамдардын организми таза иммунитети көп болсо жеңип кетет экен, оорулары бар болсо этият болбосо жаман. Ошентип, кайнисиңдим ооруп калган.  Кыйналып 3 күн дем ала албай калдым анан, дарыгерге кайрылып, тердеп кыйла жеңилдешип калдым деди. Үйлөрдү таза кармап, таза абада көп жүрүү, жашылчалардан көп жеш керек. Антисептик себип колду таза кармадык. Коомдук жайларга барганда беткап тагып жаттык, мен мисалы үчүн пенсия алганы барганда беткап тагынып, эл көп топтолгон жерден алыстап, отурушту болсо жыйыштырдык».

Токторалы Жапаров кесиби боюнча экономист. Азыр пенсияда

«Мен Токторалы Жапаров 1950 жылы 17 майда туулганмын жашым 72де. Пандемияны биз башыбыздан өткөздүк да, мен өзүм 1 декабрь 2020 жылы Базар-Коргон районундук ооруканасына түшүп, ошол жерден пневмания илештирип келген болчум, пневмания ушунчалык жаман дарт экен. Мен өзү 21 жыл сахар диабети менен жабыркаган адаммын. Бир жагы кудай сактады, балдарым жардам берди, айыгып кеттим. Бир жыл Россиядан бүтүп келген доктур Барчын карап сизди айыктырам деген. Мени сакайтып койду.  Пандемия бул өтө коркунучтуу дарт, азыркы мезгилде Индияда өтө коркунучтуу өлүм болуп атат. Эми биздин региондо жакшы кудайга шүгүр».

Расул Эргешов жана жубайы Сурма Эргешовалар

«Мен Сурма Эргешова 74 жаштамын. Жолдошум Расул Эргешов 88 жашта. Экөөбүз пандемияда үйдөбүз. Эч жака чыкпайбыз. Оору коркунучтуу болуп жатпайбы канча адамдар көз жумду. Этият болуу керек. Сыналгыдан тынбай коргонуу эрежелерин көрсөтүп жатышат. Аралыкты сактап, колду тез-тез жууп, үйлөрдү тазалап турсак эле оорудан алыс болот экенбиз. Эли жерим тынч болсун. Мындай оору тез арада жок болуп, мурунку жашообузга келсек экен деп тилеп отурабыз».

Айтбү Кочорова телефонист байланышында 30 жыл эмгектенген

«Мен Айтбү Көчөрова Ооган-Талаа айылынын тургуну боломун. Азыркы учурда абалым жакшы бирок ушул мезгилде Бишкекте,Чүйдө дагы калган облустарда вирус күчөп жатат. Вирустун алдын алуу үчүн аралыкты сактап, антисептик, беткап тагып жүрүш керек болуп атат. Тазалыкты сактап колду таза жууш керек, коомдук жайларда тойлор аябай көп болуп жатат, ошолорду токтотуп турса жакшы болот эле. Мен ушул окуучулардын онлайн сабакка өтүшүнө каршымын, мектепте өтсө аралыкты сактап, окушса жакшы болот эле».

Айыл тургуну: «Баткен окуяларын уккандан бери коронавирусту унутуп калдык»
Гулназ Камбарали кызы, Айдай Жапарова