Базар-Коргон районуна караштуу Кайырма айылында май айында өзгөчө кооздукка бөлөнгөн кызгалдактуу талаа бар. Ал жерге май айында атайын кызгалдак гүлдөрүнүн арасында сүрөткө түшүү үчүн келишет.
Кызгалдак (лат. Roemeria) – апийимдер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир жылдык, кирпиктей түктүү чөп. Сабагынын бийикт. 30-50 см, жалбырактары кезектешип жайгашкан, эки ирет тасмадай тилкелүү. Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан, эки жыныстуу, аталыгы көп, энелиги – 1. Желекчелери – 4, өңү чоктой же көгүш кызыл. Мөмөсү саадакчадай кутуча, уругу көп.
Быша элек кутучасынын ширеси сары, коюу. Кызгалдактын эки түрү (ийилген Кызгалдак, аргын Кызгалдак) Жунгар-Кашкарда, Иранда, Жер ортолук деңизинин жээгинде кездешет. Кыргызстанда бул эки түр тең эски аңызда, жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боздөңдө, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн гүлзарларда өстүрсө болот. Кээде аңызда жазында эфемер боздөңдө жыш бир өңчөй өсүмдүктүүлүктү пайда кылат.
Кызгалдак гүлдөгөн кезде атайын сүрөткө түшкөнү келишет.
Жаз азды көп кылат,
Жер жарып көк чыгат.
Кыпкызыл кызгалдак —
Кырларда өрт сымак.
Сан гүлдөр бой керип,
Күн нурун бай берип.
Себелеп суу чачат
Сур булут апкелип.
Селкилер гүл кармап,
Жигиттер кыз жандайт.
Жайнаган пейлиңе,
Жаз айы, ыракмат! (Нурланбек Кайрыев)
Тимурлан Мелисбеков, Гулназ Камбарали кызы