“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо китеп күнү белгиленди

28 Апрель 2021 жыл 0:38
Көрүүлөрдүн саны: 101

Базар-Коргон районундагы мектептерде «Окуу керемет» долбоору тарабынан уюштурулган китеп күнү белгиленди.

Ата-энелер менен балдар биргеликте иштөө мезгили

Иш чарага Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев, «Окуу керемет» долбоорунун сабактан тышкаркы иштерди уюштуруучу  адиси Элмира Айылчиева, Айпери Калыбекова, ата-энелер, жеке ишкерлер, дарыгерлер жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.

Иш-чаранын коноктору

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев:
«Урматтуу ата-энелер! Балдар биздин келечегибиз. Китеп окуган баланын ой өрүшү кенен, терең ой жүгүрткөн болот. Бала менен биргеликте китеп окуңуздар, анткени китеп окуу сиздер балдарыныздар менен мамилеңиздерди жакындатып, анын эмнеге кызыгуусу бар экенин билесиздер. Китепке азыр айрыкча көп көнүл буруу керек. Себеби азыр технологиянын заманы. Балдар китепке кызыкпай калды, ошондуктан китепке кызыктыруу максатында ушундай иш чаралар уюштурулуп жатат. Окуу керемет долбоору менен биз көптөн бери иштеп жатабыз 48 мектепти долбоорго тартып, башталгыч класстын мугалимдерин окутуп, балдар үчүн кызыктуу, сүрөттөрү менен мыкты жасалгаланга китептер берилди. Ар бир баланын жан дүйнөсүнө китеп сүйүү керектигин ойготуп, китеп менен дос болууга чакырат элем».

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев активдүү балдарды сыйлоо азаминде

Элмира Айылчиева «Окуу керемет» долбоору сабактан тышкаркы иштер боюнча адис:

«Аябай сонун даярдалган иш- чара болду. Ата-энелердин келип катышуусу да абдан маанилүү, бүгүнкү күндө биздин балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртууда абдан зарыл. Мугалимдердин окутканы башка, бирок ата-энелер балдар менен бирге даярданып, балдарга көңүл буруп, балдар менен бирге окуганы өтө чоң түрткү. Себеби балдарды үйдө окутпаса кыйын болгон кез, анткени мугалим бир класста 45-40 окуучуну 45 минутада бардык балдарды камтып кетүүсү аябай кыйын. Ошондуктан үйдө балдарды окутуу маанилүү деп эсептейм».

«Ал эми иш чаранын негизги максаты балдардын окуу көндүмдөрүн, чыгармачыл жазуусун, математика көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча долбоордун иш чарасы, демек мында балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын келечектеги турмушка башталгыч класстан даярдоо»-деди Айылчиева.

Элмира Айылчиева «Окуу керемет» долбоору сабактан тышкаркы иштер боюнча адис

Окуу керемет долбоорунун Базар-Коргон району боюнча куратору, окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова:
«Базар-Коргон районундагы ЮСАИДдин Окуу керемет долбооруна тартылган 48 максаттуу мектептерден 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чаралар 21-апрель күнү Акман айылындагы кыргыз тилдүү мектептердин катышуусу менен №6 Б.Осмонов гимназия мектебинде, 26-апрель күнү орус тилдүү мектептердин катышуусу менен №3 Бабур гимназия мектебинде болуп өттү».

Окуу керемет долбоорунун Базар-Коргон району боюнча куратору, окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова

Долбоордун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев Сопубек Камалович катышып, жакшы көңүл буруп, мугалимдерге позитивдүү дем берүүдө.
Райондогу долбоордун улуттук тренерлери мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп чыгармачыл иш алып барышууда.

«Китепке байланыштуу иш-чараларга ата-энелер,коомчулуктан дарыгерлер, депутаттар да кызыгып катышып,китептерди белек кылып демөөрчүлүк кылышууда.

Ар бир иш-чарада долбоордун окуучуларга арналган китептер белегин координаторлор убагында тапшырууда»-деп белгиледи Маматова.

Окуучуларды сыйлоо мезгили

№30 О.Атабекова инновациялык мектебинин 1-классынын окуучусу Элида Темиркулова:

«Мага бүгүнкү майрам аябай жакты анткени мен бүгүн түлкүнүн ролун жомокто аткардым. Мен китеп окуганды, жомокторду жакшы көрөм. Окуу керемет долбоорунун китептери аябай жагат. Синдим экөөбүз сүрөтү көп китептерди окуйбуз.»

Элида Темиркулова синдиси менен

Иш-чара кызыктуу, таасирдүү өтүп, мында келген ата-эне, окуучу, мугалим, демөөрчү, жетекчи да жакшы маанайда жыйынтыктады. Мындай китеп күнү ар жылы уюштурула турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында мектептерден келген мугалимдерге «Окуу керемет» долбоору тарабынан Элмира Айылчиева белектерди тапшырды.

Гүлназ Камбарали кызы