“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жалал-Абад: Аймактагы журналисттер окуудан өтүштү

25 Апрель 2021 жыл 19:29
Көрүүлөрдүн саны: 39

Жалал-Абад шаарында коомдук кеңештер, көз карандысыз жарандык активисттер, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ачык коомчулук-ачык ЖМК» долбоору тарабынан уюштурулган окуу болуп өттү.

Окутууда адам укуктары концепциясы, адам укуктарынын булактары, адамдын нарк-касиетти, теңдик, эркиндик, адам укуктарынын классификациясы, адам укуктарынын чектелиши, өзгөчө абал учурунда катышуучу мамлекеттердин милдеттерди аткарууда баш тартуу укугу жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Долбоордун негизги максаты сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү илгерилетүү аркылуу адам укуктарын коргоо. Долбоор эркин ой-пикир жана маалымат алмашууга, ошондой эле жарандардын маселелерин угууга жана чечүүгө өбөлгө түзөт.

Окуутунун экинчи күнү медиа-маалыматтык жана санариптик сабаттуулук боюнча Марат Токоев жана Тагжана Айдаралиевалар медиа сабаттуулук, санариптик сабаттуулук, чындыкка текшерүү жана фактчекинг, социалдык медиа, социалдык медиадагы фейк аккаунт, санарип коопсуздугу боюнча окутушту.

Ал эми үчүнчү күнү «Миграциянын тобокелчиликтери жана натыйжалары» темасына маектешүү аянтчасы болду. Маектешүү аянтчасында миграциянын үй-бүлө институтуна жана Жалал-Абад облусунда эмгектенип жаткан мигранттардын балдары арасында билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө  тийгизген таасири, ошондой эле миграциялык процесстерди жөнгө салууда ЖМК менен социалдык медианын ролу талкууланды.

Миграция бир эле балдарга гана таасирин тийгизбей карыларга да тийгизип жатканын айтып өтүштү. өз кезинде балдарын өстүрүп, тарбиялап, окутуп уй жайлуу кылган ата-эне эми неберелери менен жалгыз калууда. Алардын ден соолугу, тарткан азабы, күнүмдүк турмушу жөнүндө сөз козголду.

Окутууга барган Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Аймээрим Саитжанова төмөндөгүлөргө токтолду:

Жыйынтыгында үч күндүк окутуу сиңимдүү, таасирдүү, пайдалуу  болду деп белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Тимурлан Мелисбеков, Гулназ Камбаралиева