“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудио: Ким жергиликтүү кеңештин депутаты боло алат?

24 Апрель 2021 жыл 1:19
Көрүүлөрдүн саны: 39

Могол айыл аймагында 21 жергиликтүү кеңештин депутаттары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Негизи жергиликтүү кеңешке 17 талапкер өз кандидатурасын коюшкан. Деги ким жергиликтүү кеңешке депутат боло алат? Суроого жоопту жергиликтүү кеңешинин катчысы Кыял Тиленов, Могол айыл аймагынын башчысынын орун басары Акылбек Каимов, мугалим Арапаткан Абитова, жергиликтүү тургундар Эржан Анаркулов, Жавахыр Бахтияр уулу өз пикирлерин билдиришти.

Юрист Атыр Абдрахматова

Ал эми юрист Атыр Абдрахматова төмөндөгүлөргө токтолду:

Жергиликтүү кеңештин деутаты болуп Кыргыз Республикасынын жараны 21 жашка толгон, жалпы орто билиминен төмөн эмес жараан депутаттыка аттанса болот. Соттолгону бар болсо, аны жоюп, анан катышуусу керек. Жергиликтүү кеңештин депутаты улутуна, жынысына социалдык-финансылык абалына көз карандысыз. Анткени ар бир Кыргыз Республикасынын жараны конституцияга ылайык аймака дайындалып, аймактын суроолорун чечүү укугу бар.


Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков