“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жеке ишкер: Жөжө чыгаруу оюмду пандемияда ишке ашырдым

18 Апрель 2021 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 43

Айылда инкубатор жасап, элге жөжө чыгарып ишкердик кылган Айбек Кыргызбаев Ооган-Талаа айылынын тургуну. Ал үйдө болгон каражаттарды колдонуу менен инкубатор жасап чыккан.

Айбек Кыргызбаев

3 жылдан бери кыялданып жүргөм…

Бул инкубаторду  2020-жыл 22- декабрда жасагам, негизи мен 2018- жылдан баштап кызыгып баштагам, бирок жасай албай жүргөм. Анан өз колум менен үйдө бар каражаттар менен жасап чыктым. Каражатына анча көп нерселер керектелбейт, негизгиси терморегулятор болсо лампочка, пеноплекс коюп жасалат. Чакан бизнес катары иштетип көрөйүн дедим.  Жаңы иштеп чыкканда тажрыйба катары 5 жумуртка салдым, толук ачып чыкты, азырынча эки гана адамга чыгарып бердим. Биринчи кардарыма 62ни, экинчи кардарыма 63 жумуртка салдым.

Инкубатордун ичиндеги жумурткалар

Жумурткалардын тамырланып жан алышы

Жумурткалардын жан алышын текерип турамын

Буйрутмалар көбөйүп жатат…

Кызыккандар болуп, жасап бер деп жатышат. Буйруса дагы да чоңойтуп алып, чакан ишкана ачсам деген оюм бар. Инкубаторду жасаш үчүн 2 күн убакыт кетет. Азырынча тооктун жумурткаларын анан индюшканын да бир даана жумурткасын салдым, ачтырса болот экен, тамырлап жан ала баштады. Демек индюшканын да жумурткасын ачтырса болот.

95 жумурткадан 80 жумуртка тамырлап калды. Кечээ баарын текшерип карап чыккам, толук 22 күндө жөжөлөрдү ачып чыгат. Азыр заказдар көп болуп жатат, дагы 2-3адам бар. Дагы да чоңойтуп жасашым керек болуп жатат. Нымдуулук анан ысык температура керектелет жалаң үй жумурткаларды чыгарам. Жумурткаларды буйрутма берген адамдар өздөрү алып келип жатышат. Бир эжекебиз 34 даана, бир эжебиз 33 даана салды. Бул жерде азыр 3 адамдын жөжөлөрүн чыгарып жатам.

Нымдуулук, басым текшерилип турат


Пенопласттын жакшы жагы ысыкты кое бербей, свет өчүп калды эле 9 саатка чейин температураны кое бербейт.  9 саатта 29°болду 46% нымдуулук, температура 38° болуп турат, азыркы тапта негизи нымдуулук 50%жогору болуш керек, үстүндө аба чыгаруусу бар ачып турабыз.


Инкубатордун жасалышына төмөнкү каражаттар керектелет…
2 даана пенопласт, рейка, зым, терморегулятор, лампочка керектелет

 

«Чыгарылган жөжөлөрдү энеси жок болгондугуна байланыштуу 1 ай өзүнчө ысык жайда атайын ысык бөлүп берүүчү лампочка коюп, өзгөчө көнүл коюп карап, мээрим төгүп  багып алыш керек. Айыл элине пайдам тийип жатат, анткени жөжө алганы Базар-Коргондун базарына барып алып келишип, ал ысыкта жолдо келгенче өлүп калган учурлар көп кездешчү. Азыр болсо даяр жөжөнү чыгарып, өздөрү алып келген жумуртканы чыгарып беремин. Ишеничтүү, дары, жемин, кантип багуу керектиги жөнүндө айтып беремин», -деди Кыргызбаев.

 

Ширин Маратбекова