“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Китептер аркылуу балдардын дүйнө-таанымын кеңейтүү

14 Апрель 2021 жыл 0:04
Көрүүлөрдүн саны: 81

Китепканачылар семинар учурунда

ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбооруна тартылган максаттуу 48 жана долбоорго кирбеген 22 мектептердин китепканачыларына  23-апрель «Эл аралык китеп күнүнө» карата семинар болуп өттү.

Аскат Алимбеков — USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун Жалал-Абад областындагы координатору:
Азыркы учурда USAIDдин «Окуу керемет» долбоору тарабынан Жалал-Абад облусундагы 358 максаттуу мектептердин китепканачылар үчүн кадимки режимде семинарлар болуп жатат.
Бүгүн семинарга Базар-Коргон районундагы максаттуу мектептин китепканачылары катышты. Бул семинардын негизги максаты китепканачылар тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына класстан тышкаркы иштерди уюштуруу болуп эсептелет, андан сырткары бир топ класстан тышкаркы иш-чараларды биз долбоор тарабынан сунуштадык. Сунушталган иш-чараларды мектептердин базасында китепканачылар аркылуу окуучуларга, ата-энелерге жана коомчулукка жеткирүү жана өткөрүү.

Аскат Алимбеков-ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун Жалал-Абад областындагы координатору

Биздин Жалал-Абад областында негизинен 12 район, шаар бар. Ошол район, шаарлардын баардыгында китепканачылар үчүн семинарлар өтүп жатат. Семинардын аталышы «Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математикалык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу».

Катышуучулар топторго бөлүнүп, тапшырмаларды аткаруу учуру

Биз долбоордун алкагында өтүп жаткан иш-чаралардан күтүлүүчү натыйжалары: башталгыч класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жана математикалык ой-жүгүртүү деңгээлдерин жогорулатуу менен биргеликте ушул класстан тышкаркы иш-чаралардан алган билимдерин, көндүмдөрүн, турмушта колдонуп, кадимки окуу сабакта айкалыштыруу менен билим сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Андан сырткары ушул долбоор тарабынан берилген кошумча адабий китептер аркылуу балдардын дүйнө-таанымын кеңейтүү» — деди А.Алимбеков

«Бүгүнкү Базар-Коргон районунда өтүп жаткан семинардын катышуучулары аябай активдүү катышып жатышат, бул жерде ушул «Окуу керемет» долбооруна катышкан мектептин гана китепканачылары эмес долбоорго камтылбай калган мектептин китепканачылары да кызыгуу менен келип катышып жатышат. Мен ойлойм китепканачылар өзүнө керектүү, пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды алды деген ойдомун»-деп билдирди Аскат Алимбеков.

«9 улуттук тренер Базар-Коргон районунан алынган, учурда башталгыч класстар жана китепканачылар онлайн формасында «Окуу керемет» долбоорунун программасында ар бир ишемби күнү видеоконференциялар өткөрүлүүдө. Графиктин негизинде сабакты байкоо реалдуу түрдө жүргүзүлүүдө.
Долбоордун максаты адабий окуу көндүмдөрүн жана математика көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Адабий китептерди ар кандай предметтерде пайдалануу аркылуу жана долбоордун стратегиялары менен мугалимдер сабак өтүшүүдө. Район боюнча бүгүнкү семинарга 48 мектеп тартылды.»-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Нуралиева.

Нургүл Нуралиева семинарда

Гүлмэрим Масабирова Улуттук тренер:
Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара китепканачылар үчүн аябай кызык жүрүп жатат. Китепканачылар окуу лагери боюнча маалыматтарды алып, ушундай иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлүп турса деген ойлор болду. Бул иш-чарада китепканачылар кантип окуу лагерлерин уюштуруу керектигин, ишти кандай кылып жүргүзүүсү жөнүндөгү кеңири маалыматтарды алышты деп айтсам жаңылышпайм. Дагы кызыктуу ойлорду айтып, пландап жатышат, буйруса бул жайкы каникул маалдарында дагы ушундай окуу лагерлерин уюштурабыз деген ойлорун айтышты».

Гүлмэрим Масабирова

«Мен «Окуу керемет» долбоорунун катышуучусумун, мугалим болуп иштейм. Бул семинарды аябай сонун өтүштү, окуу лагери боюнча иш-чараларды өтүп жатабыз. Ушул семинарды өткөн агай-эжекелерге чоң ыраазычылыгымды билдирем.»-деп билдирди семинардын катышуучусу Бел-Терек мектебинин китепканачысы

Семинардын жүрүшүндө райондогу тогуз улуттук тренерлер китепканачылар менен биргеликте иш алып барышты.

Гулназ Камбарали кызы, Айдай Жапарова