“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Пенсионерлер акча ала албай убара

13 Апрель 2021 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 79

Базар-Коргон районунда пенсионерлер акчасын ала албай жатышат.
Аталган айылдын социалдык башкармалыгына барганда, ал жердеги кезек күтүп отурган улгайган жарандардын санитардык эрежелерди сактабай турганын көрүүгө болот.

Кезек күткөн пенсия жашындагы жарандар

«Биз Кеңеш айыл-өкмөтүнөн келдик. Пенсияны каттоодон өткөрүү үчүн турабыз. Эртен менен эрте келгенмин. Мурун эскерткен, январда келсек, бара бергиле пенсияңарды убагында берет деп айтышкан, каттоодон өткүлө деди азыр болсо, тополоң болуп атат. Кезек күткөндөрдө беткап жок. Ал эми социалдык башкармалыктын башчысы саат 9 дан өттү, ушул убакка чейин келбептир»,-деди пенсионер Ахматжан ажы Калмурзаев.

Султанов Токторбай ажы:

«Мен эки күндөн бери каттоодон өтө албай, күтүп турам. Кечээ кезек жетпей кеткенмин. Кеңеш айылынан боломун. Мурда билген эмесмин каттоодон өтүү керектигин, убара болдук. Мына азыр банкка барсак социалдык башкармалыкка жөнөттү, күтүп отурабыз. Адам көп, айыл айылга барып катташса деле болмок. Ооруп турган пенсионерлер турушат айласы жок. Улгайган адамдар көпкө туралбайт, же отургуч жок, санитардык эрежени сактагыла деген бир инсан жок. Элдин баары акчага келип алышкан, ала албай же каттала албай турушат.»

Токторбай ажы Султанов

«Мен Орунбү Орозбаева Көк-Тондудан келдим. Пенсиябызды бербей жатышат, барып картаңарды текшерткиле деп атышат. Ал картаны текшергенден кийин марттын пенсиясын алып атканда айтып эскертүү керек эле да, бизге эскертүү берилген эмес, бекер убара болуп, белими оорутуп келдим. Бүгүн пенсия тийбей атат, кезек көп унчукпай отурам. Мен 89чу болдум, улам-улам адамдар келип атышат. Бир кызымын күйөөсү өлүп калган, 4 баласы бар, аныкын да чыгарбай коюшкан. Азыр болсо банктан ушул жакка жөнөтү, эскертүү бериш керек эле. Оору күчөп жатканда пенсионерлерди убара кылып каттоодон өткөрбөй эле бере берсе болмок.»

Орунбү Орозбаева

«Социалдык башкармалыктын башчысына кайрылат элек, мындай иштериңерди алдын- ала айтып, убакыт берип, анан жасасанар, себеби район боюнча пенсионерлер дүрбөлөңгө түшүп, акчасын ала албай убара болушууда»,- деди көпчүлүк чогулгандар.

Ал эми башкармалыкка кайрылганда эскертүү берилгенин айтышып, ачык жооп беришкен жок.

Жеке ишкер: Жөжө чыгаруу оюмду пандемияда ишке ашырдым
Гүлназ Камбарали кызы, Айдай Жапарова