“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаштар жарандык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн окуудан өтүштү

31 Март 2021 жыл 2:39
Көрүүлөрдүн саны: 90

Жалал-Абад облусунда Могол, Талды-Булак, Кызыл-Үнкүр айыл аймактарындагы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Демилгелүү жаштар» долбоору тарабынан уюштурулган окуу болуп өттү.

Тренингдин катышуучулары

Абдымиталип Ахматжанов «Демилгелуу Жаштар» долбоорунун фасилитатору:

«25-27 тренинг өттү бул тренинг MSDSPKG, USAID тарабынан өткөрүлүп, жаштардын, айыл аймактардын көйгөйлөрүн аныктоо жана айыл аймактын социалдык-экономикалык программасын киргизүү, иш чаралардын пландарын иштеп чыгуу болду. Иш чаралар жаңы пилоттук айыл өкмөттөрдө Базар-Коргон районунан алсак Кызыл-Үнкүр, Могол, Талды-Булак ал эми Сузак районунан Атабеков жана Ленин айыл аймактарынан жумушчу топтор катышты. Бул тренинг семинардын жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрү өздөрү иш пландарын бекитишти, SWOT анализ жасоо, картага түшүрүү жана Венн диаграммасы сыяктуу ыкмалардын жардамы менен учурдагы кырдаалды талдоо жөндөмүнө жана билимине ээ болушту. Ошондой эле аныкталган көйгөйлөрдү максаттарга өзгөртүштү үйрөнүштү. Негизинен бул тренинг жумушчу топтордун мүчөлөрүнө жер-жерлерде жаштардын көйгөйлөрүн чечүүгө аябай чоң салымын кошот деп ишенебиз.»

Абдымиталип Ахматжанов тренинг учурунда

Тренер Индира Темирканова долбоорго болгон кызыгуусунун себеби жаштар экенин белгиледи:

«Бул долбордун алкагында пилоттук райондор боюнча окутуп жатабыз. Жаштар долбоор менен иштеп активдүү болууга үйрөнүшөт. Чечим чыгаруу процесстерине аралашышат, ошонун негизинде жаштар түшүнүп башташат, өзүнүн ролун эмнеге тасир эте алат, эмнеге таасир эте албайт, эмне колунан келет, эмне колунан келбейт. Долбоорго катышып жаткан жаштарга ушундай түшүнүк келет. Анан ушуну түшүнгөн жаштар, ар ким өзүнүн жеринде жакшы жашоо курганга дараменти жетет. Ошол көрүнүшкө биздин салымыбыз кошулуп жатат. Ушул себептен мен бул долбоорго катышып, аралашып макулдугумду берип окутуп жүрөм».

Индира Темирканова, Тахмина Жекшен кызы, Элянора Капарова

«Силер жаштар ар бир айылдан келип жатпайсыздарбы, ар ким өзүнүн көйгөйүн башкалардан жакшы билет, эмне көйгөй бар экендигин. Өзүнүн ролун, милдетин билгенден кийин, кошуна-колоңдорунун, жашаган чөйрөсүнүн, жашаган жашоосунун жакшыртууга жардамы тийет. Мүмкүн спорт, билим, инфраструктура түзүү тарабынан, кайсы тарабынан болбосун, эгерде жаштар түшүнсө, биз үйрөткөн көндүмдөрдү колдонуп, жашоосун жакшыртканга дараменти жетет деп ойлойм», -деп кошумчалады Индира Темирканова.

Могол айыл аймагынын картасын түшүндүрүп жаткан Жавахыр Бахтияр уулу

Машыктыруучу Элнура Калыбаева:

«Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында 6 күн болду бүгүнкү иш- чарабыз менен, анткени мурунку үч күнү Нарын облусундагы «Демилгелүү жаштарды» Учкун жана Миңбулак айыл өкмөтүндөгү жаштарын окутуп келгенбиз, бүгүн болсо Жалал-Абад дубанындабыз. Бул жерде болсо Могол, Кызыл-Үңкүр, Талды-Булак айыл аймагына тиешелүү «Демилгелүү жаштарды» окутуп жатабыз.

Окутуулардын алкагында биз бир нече теманы карадык. Жергиликтүү социалдык-экономикалык программасы деген эмне, ага толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү кантип киргизсе болот, негизги багыт болсо жаштардын суроо- талаптары кызыкчылыктарын жергиликтүү айыл аймактын негизинде алдыга жылдыруу.
Жаштар коомчулукта өзүн жоопкерчиликтүү жаран катары сезе билишин үйрөтүү, анткени айылдагы өзгөрүүлөрдү билип, жаштар баарына өз салымын кошушу керек»,- дейт.

Кызыктуу талкуу учуру

Анткени жаштарда азыр жаңы көз караштар, жаңы идеялар баары бар. Анан да мезгил талабы алмашкан сайын жаңылануу кирип турушу керек, жаштарды келечегибиз дейбиз, бирок аларга бүгүнкү күндө биз жакшы инвестицияларды салып, ошол көндүмдөрдү, адаттарды өткөрүп беришибиз керек. Биринчиси, өзүн жаран катары сезе билүүсү, экинчиси жергиликтүү калктын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн изилдеп чыгуу ыкмалары жана ал суроолорду артыкчылыктарын белгилеп, ошого жараша иш- чара пландарын иштеп чыгуу менен жергиликтүү социалдык- экономикалык программасына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү. Мунун баары эмнеге алып келет? Мунун баары жарандык активдүүлүктү жогорулатат да. Жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун тепкичтердин бардык багытын көрүп беришет.

Жумушчу топтун иш планын иштеп чыгуу кези

Жаштар болобу негизи эле калайык калкыбызда тынчтык болсун, изденүүнүн үстүндө бололу, кантип жакшы жаатта позитивдүү өнүгүүлөрдүн себепчиси боло алабыз деген. Ошондуктан жарандык жоопкерчилик болушу керек, ал үчүн жарандык активдүүлүк болушу керек дагы, чечим алуу процесстерине баарыбыз сунуштар менен катышышыбыз керек. Бир гана көйгөйдү айтпастан сунуштарды алып чыгууга дареметибиз, мүмкүнчүлүктөрүбүз кенен болсун»,-деди Элнура Калыбаева.

Тренингдин активдүү катышуучулары тренерлер Элнура жана Индира менен

«Менин атым Алишер Көк-Алма айылынан болом. Бул окууну айыл башчыбыз тарабынан угуп келдим. Бул жерге келүүмдүн максаты негизи эле проект түзүүнү үйрөнүү боюнча келгем. Элдердин көйгөйлөрүн чечүү жана айылдын көйгөйлөрүн угузууну үйрөндүк, кимдер тарабынан каралыш керек экендигин, кандай жол менен чечилиш керек экендиги жөнүндө үйрөндүк. Окуунун жыйынтыгы эң сонун болду өзүбүздүн эле эмес, башка айыл аймактардын да көйгөйлөрүн уктук.»

Көк-Алма айылынын тургуну Алишер

«Менин атым Азиза Талды-Булак айлылына караштуу Каба айылынан келдим. Азыркы учурда студентмин, 18жаштамын. Мен бул долборго эжекем аркылуу келдим, долборго катышуумдун себеби аты айтып тургандай эле демилгелүү жаштар алдыга умтулуп өзүбүздүн айылга бир салымыбызды кошуп, айылыбыздын көйгөйлөрүн аныктап, чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мага аябай жакты биринчи келгенде эле жаңы досторду таптым, жаңы чөйрөгө кошулдум. Долбоордун жакшы жактарын айтып кетсем, мен бул Долборго чейин таптакыр башка адам болчумун, окуу бүттү, 3 күндүн ичинде менде абдан чооң өзгөрүү болду. Мурунку Азиза өзүнүн оюн туура деп айта берчүүмүн, бул долборго келгенден кийин башка адамдын оюн да угуу маанилүү экенин билдим. Ушул убакытка чейин өзүмүн айылымда кандай көйгөй бар деп такыр ойлончу эмес экенмин, эми мен көптөгөн көйгөйлөр бар экенин билип, маани бере баштадым, анан кантип ондосо болот экенин билдим. Талды-Булакта негизинен 8 айыл бар, 8 айылдын ар биринде көйгөйлөр бар экен, буйруса ушул долбор аркылуу чечип оңдойбуз деген ойдомун.

Долбоордун катышуучусу Азиза

 

Аймээрим Саитжанова, Ширин Маратбекова, Тахмина Жекшен кызы