“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Улуттар аралык мамилени, достукту чыңдоо максатында спорттук оюн өттү

31 Март 2021 жыл 1:25
Көрүүлөрдүн саны: 51

Базар-Коргондо «Волейбол» жана «Кичи футбол» спорттук оюндары боюнча айыл аймактар жана мекеме-ишканалардын эркектер арасында мелдештер уюштурулду.

Иш-чара Улуттар аралык мамилени жана достукту чыңдоо максатында Улуттук Коопсуздук Комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча Башкармалыгынын Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо бөлүмүнүн катчысы тарабынан уюштурулган.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо мезгили

Мелдештин максаты:
-Улуттар аралык мамилени жана достукту чыңдоо.
-Айыл аймактар жана мекеме-ишканалар арасында достукту өркүндөтүү, ден-соолукту чыңдоо, мекенчилдикке тарбиялоо.

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев спорттук мелдештин ачылуу аземинде

«Волейбол»спорттук оюну №30 Өлмасхан Атабекова, №3 Бабур жана Жоомарт Бөкөнбаев гимназия-жатак мектептеринин спорттук залында болуп өттү.

Оюнга ар бир айыл аймактардан катышты

Ал эми «Кичи футбол»спорттук оюну №1 Макаренко атындагы орто мектебинде жана «Спартак» кичи футбол залдарында өткөрүлдү.
Женишке ээ болгон командалар Улуттук Коопсуздук Комитетинин райондук бөлүмү тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Гулназ Камбаралиева