“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Көк-Тонду: Айылга ФАП курулду

23 Март 2021 жыл 23:21
Көрүүлөрдүн саны: 67

Могол айыл аймагына караштуу Көк-Тонду айылында 2019-жылы ноябрь айында «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуш иштери башталып, 2020-жылдын декабрь айында толук аяктады. 2021-жылдын 21-мартында Көк-Тонду айылындагы ФАПтын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Көк-Тонду айылындагы ФАП

ФАПтын ачылуу аземи

Салтанаттуу ачылыш аземине Кувеит мамлекетинин «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Алтынбеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бакыт Козуев, Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов жана Могол айылдык Кеңештин төрагасы Канжарбек Эрмековдор катышты.


Үч жолку чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаты, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мээрбаны Кадича Жумабаеванын айтуусунда:

«Мурун Көк-Тонду айылындагы ФАПтын имараты өтө начар эле, азыр болсо жаңы имарат курулуп, аябай сонун болуп калды. Абдусалам деген араб ачып берди, элдик салымдагы пайызды Абдирешевдердин үй-бүлөсү демөөрчулүү болушту. Бактыкан Абдирешованын агасы 300миң берген.

ФАПтын кызматкерлери

«Мурункуга караганда азыр аябай жакшы кылып курушкан, кабинеттери көп, комнаталары чакан, ичине стул, столдордун баарын алып киришип жасалгалап коюшуптур, жылытуу системасы дагы өтө жакшы.

Мурун эмдөө, процедура бере турган кабинеттер бир болсо, азыр ар биринин өзүнүн бөлмөлөрү бар.Бул имаратты курууда Жогорку Кенештин депутаты Айбек Алтынбековдун салымы көп. Ачылуу аземине да катышты», -деди Жумабаева.

 

Айдай Жапарова