“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбап: Жарманке эл үчүн азык түлүктү арзан алуу үчүн мүмкүнчүлүк

11 Март 2021 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 74

Арстанбап айылынын так ортосундагы базарда жарманке болуп өттү.

Жарманкеге келген эл көп

Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн аймагында аптанын шаршемби жана жума күндөрү айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жарменкеси уюштурулду.

Дыйкандар түз алып келип саткандыктан арзан болууда

Жарменкеде азык-түлүк жана айыл-чарба продукциялары базардан арзан баада сатылып жатат.

Эт арзан сатылып жатканын байкаса болот

Мисалга алсак базарда жылкы эти 420-450 сом болсо, жарманкеде 380 сомдон сатылды.

Өткөрүлүп жаткан иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев жана тийиштүү мекеме уюмдун жетекчилери катышып, сатылып жаткан продукциялардын баалары менен жеринде таанышты.

Күрүч сапатына карап бааланууда

Ооган-Талаа айылынын тургуну Сабира Ражапова:

Мен бүгүн жарманкени билбей эле базарга келдим эле.  Бул жака келип, жарманке жөнүндө угуп, бааларын салыштырып көрдүм. Чынында базар баасынан арзан. Үйгө азы-түлүк алдым. Уюштуруучуларга рахмат. Элди ойлоп, жарманке өткөрүшүп, жардам берип жатышат. Мындай иш чаралар көп болсо».

Өсүмдүк майы да базардан арзан сатылды

Гүлназ Камбаралиева