“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо жарманке уюштурулду

7 Март 2021 жыл 1:15
Көрүүлөрдүн саны: 94

Базар-Коргон шаарында арзандатылган азык-түлүк сатылуучу жарманке ачылды.

Жарманке уюштурулган жер

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, Айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы жана Базар-Коргон шаарынын демилгеси менен 2021-жылдын 6-мартынан баштап, Базар-Коргон районунун борборундагы жаңгак базардын базасында «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси» уюштурулду.

Жарманкеде азык-түлүктөр арзан баада сатылат

Базар администрациясы тарабынан жеке ишкерлерге жана кардарларга ынгайлуу шарттар түзүлдү.


Эми дыйкандар жана фермерлер өзүлөрү өндүргөн продукцияларды ортомчусу жок тикелей келип, соода жүргүзсө болот.


Кардарлар «Айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш сатылуучу жарманкеге» келип арзан баада азык-түлүк алууга шарт түзүлдү.

 

Гүлназ Камбарали кызы