6-март Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында «8-март Аялдардын Эл аралык майрамына» карата салтанаттуу азем болуп өттү.
Салтанаттуу аземде райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакыт Козуев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы аялзатына ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.
Аземге айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана райондун ар тармакта эмгектенген айымдары катышты.
Аземдин жүрүшүндө айымдарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан белектер берилип, куттуктоо сөздөрү айтылды.
Райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа даярдалып тартууланды.
Ооган-Талаа айылынын дарыгери Бактыкан Абдирешова да бүгүн сыйлык алып, кубанып турган мезгили.
«Биздин иштерибизди баалап, ардак грамоталарын берген Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевге ыраазычылык билдиремин. Эли жерибиз тынч, оорудан сырткары болуп, бүгүнкүдөй майрамдык маанайда ар бир айым бактылуу болсун»,- деди Могол айыл аймагынын дарыгери Бактыкан Абдирешова.
Айымдарга майрамдык маанай тартууланды
Гүлназ Камбарали кызы