“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Олимпиададагы кетирилген катачылыктар аныкталды

3 Март 2021 жыл 1:45
Көрүүлөрдүн саны: 125

Базар-Коргон районунда болуп өткөн орус тили сабагынан олимпиаданын жыйынтыгына нааразы болгон Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы, №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Тимурлан Мелисбеков Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевге жана райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге кайрылган.

Мен олимпиадага барбайм. Бирок кетирилген кемчиликтерин өз мойнуна алгандары үчүн кубанычтамын

1-март күнү Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмунүн башчысы Сопубек Сариев, болуп өткөн олимпиаданын жыйынтыгындагы мүчүлүштүктөр, упай кошуулар боюнча териштирип, №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакованы, окуу бөлүм башчысы Фарида Кадырованы, орус тили сабагынан Тимурланды даярдаган Арапатхан Абитованы, Тимурландын ата-энесин чакыртып, чындык айгинеленди.

Комиссия төрагасы Мурат Бурканов, мектеп директору Давлет Омурзакова, орус тили мугалими Арапатхан Абитова олимпиадалык иштерди текшерүү учуру

Олимпиада төрагасы Мурат Бурканов:

«Биз 24-25-февраль күндөрү олимпиада өткөрдүк. Окуучунун санынын көптүгүнөн түнү да иштерин текшерип, биринчи күндүн жыйынтыгын чыгарганбыз. Экинчи күнү жыйынтыкты чыгарып жатып, биринчи күнкү эсептөөдө жаңылыштык кеткенин байкап, балдардын мээнетин баалайлы деп, калып калган упайларын кошуп эсептегенбиз. Бул жерде комиссия мүчөлөрүнүн чарчаганынанбы, же техникалык себептенби кээ бир окуучулардын эмгектеринин 0.5, 0.9, 0,6 упайлары жазылбай калган экен. Ошолорду кошуп койгон үчүн экинчи күнкү мүчүлүштүктөр кетиптир. Негизи олимпиада таза өттү. Эч кандай жобо бузуулар катталган жок.»

Комиссия төрагасы Мурат Бурканов

Тимурландын апасы Гулназ Камбарали кызы:

«Олимпиададан келгенде эле уулум маанайы түшүп келди. Ооган-Талаа мультимедиа борборунда кабарчы болуп иштегендиктен ал өз оюн макала түрүндө коомчулукка, акимге райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кайрылуу жасады. Мына бүгүн районго чакырып, кетирилген мүчүлүштүктөр боюнча териштирилип, ким тарабынан кемчилдиктер кеткенин, мындай каталар кайталанбай турганын айтышты.

Иш бар жерде кемчилдик болот экен деп түшүндүрдү олимпиаданын төрагасы Мурат Бурканов. Келечекте мындай катачылыктар кайталанбаса дейм, анткени баламдын маанайын, анын кыжалатчылыгын көрүп эне катары жүрөгүм тилинди. Базар-Коргон районунун башчысы Сопубек Сариевге ыраазычылык билдиребиз. Баарын тактап, кемчилдик кетирген комиссия мүчөлөрүнө эскертүүлөрдү берди. Мындан кийин таза, так олимпиада болсун».

 

Айдай Жапарова