“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айыл жаштары челенджде активдүүлүгү үчүн сыйланышты

1 Март 2021 жыл 2:49
Көрүүлөрдүн саны: 78

Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы демилгелүү жаштар долбоору тарабынан уюшулган челенджде катышуучулар Тимурлан Мелисбеков 1-орун, Аймээрим Саитжанова 2-орун, жана Гулифа Абдыкерим кызы 3-орунду алышкан.

1-орунду алган Тимурлан Мелисбеков. Могол айыл аймагы

«Мен Алмазбек Дүйшөбаев IDEA Борбор Азия уюмунда координатор, Демилгелүү жаштарда мобилизатор болуп иштейм. Демилгелүү жаштар долбоору азыркы мезгилге чейин иштеп келип атат Нарын, Ош жана Жалал-Абад анын катарында Базар-Коргон жана Сузак райондору бар.

Демилгелүү жаштар долбоорунун Жалал-Абадагы координатору Алмазбек Дүйшөбаев

Быйылкы жылы 5 жаңы айыл өкмөт алганбыз, эки айыл өкмөт Сузакта,  үч айыл өкмөт Базар-Коргондо Кызыл-Үңкүр, Талды-Булак жана Могол айыл өкмөттөрү. Ушул айыл өкмөттөрдөн жаңы катышуучуларды азыркы күндө карантин болгонуна байланыштуу онлайн болду. Бул долбоордун башталышынын алдында кызыктыруучу челлендж баштаганбыз. Бул челленджге Кыргызстан боюнча бардыгы катышты.

3-орунду алган Гулифа Абдыкерим кызы. Кызыл-Үнкүр айыл аймагы

Долбоордун негизги максаты ушул 5 айыл өкмөттө демилгелүү жаштардын тобун түзүү. Ошол топторду түзүп алар менен биргеликте окууларды өтүү. Окуулардан кийин ар жерде иш чараларды уюштурабыз жана көйгөйлөрдү аныктоо боюнча дагы окуу болот. Азыркы күндө ар бир айыл өкмөттөн 16 катышуучу болушу керек.

2-орунду алган Аймээрим Саитжанова. Могол айыл аймагы

Биздин долбоор карантиндин айынан узарып кетти. Конкурс өзү ноябрь-декабрда башталып январда бүттү. Кызыктуурак болсун деп конкурс уюштурганбыз. Челленджге көпчүлүгү катышышты».

Челендж боюнча жеңүүчүлөрдүн оюн аудио материалдан угуңуз.

 

Гүлназ Камбарали кызы