“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Нарындан чыккан кербен Базар-Коргонго келди

22 Февраль 2021 жыл 0:40
Көрүүлөрдүн саны: 44

«Демилгелүү жаштар» долбоорунун төртүнчү жылынын катышуучулары жана алардын ата-энелеринин кербени Нарындан чыгып, 20-февраль күнү Базар-Коргон районуна келди.

Моголдогу жолугушуу кези

Ата-эне Нурай Стамбекова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди

Бул кербендин максаты, активдүү жана ийгиликтүү катышуучулары аймактардагы жумушчу топторго жолугуп, жаңы катышуучуларга долбоор жөнүндө, өздөрү жана өздөрүнүн  жетишкен ийгиликтери жөнүндө бөлүшүү.

Демилгелүү жаштар долбоорунун катышуучусу

Катталуу баракчасын толтуруу учуру

Кербен менен кошо келген ийгиликтүү жаштардын  ата-энелери да  балдарынын долбоорго катышуусу жана өзгөрүүлөрү жөнүндө айтып беришти.

Мурунку катышуучулардын өз ийгиликтери жөнүндө айтууда

Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үнкүр жумушчу топтору менен  жолугушту.

 

Достук кербени Кызыл-Үнкүрдө

Жолугушуу учурунда айыл аймактардагы көйгөйлөр менен таанышышты.

Кызыл-Үнкүрдөгү көйгөлөрдү талкуулоо

«15-февралдан баштап, 20-февралга чейин демигелүү жаштар кербени сапар тартып, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарына барды. Биз демилгелүү жаштардын алкагындагы, жаңы түзүлгөн топтор менен жолугушуу өткөрүп, ошол жумушчу топторго, былтыркы жылдагы катышуучулары менен сапарга чыгып, долбоор боюнча маалымат бердик. Ар бир жолугушуу өзгөчө өтүп, кызыктуу болду», — деди IDEA Борбор Азиядагы билим берүү Ассоциациясынын түштүктөгү координатору Жыпаргүл Бердибаева.

Демилгелүү жаштар долбоорунун Могол айыл аймагынын катышуучусу Тахмина Суеркулова:

«Бүгүнкү жолугушуудан көп кызыктуу маалыматтарды, таасирдүү сөздөрдү угуп, өзүмө дем ала алдым. Бир жыл бою долбоор менен иштешип биз да көптөгөн ийгиликтерге жетебиз деп ишенебиз. Уюштуруучуларга жана Мекен, Миталип, Алмазбек агайларга, Жыпар эжекебизге ыраазычылк билдиребиз. Ал эми айылдын көйгөйлөрүнө кайрылсам эң орчундуу көйгөй бул көчөлөрдө таштанды салынуучу урналардын жоктугу, жаштар үчүн эс алуу, билим алуу борборлорунун жоктугу, аялдамалардын болбогонун, жаан-чачын мезгилинде элдер жамгыр, карда унаа күтүп суу болуп турушат.

Бул долбоор менен ушул көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун үйрөнүп алсак, анын чечлишине өз салымыбызды кошсок деп жатабыз. Топтогу ар бир катышуучу айыл үчүн күйгөн, патриот улан-кыздар топтолдук. Буйруса баары алдыда көп ийгиликтерге жетебиз деп ишенемин.»

 

 

Тимурлан Мелисбеков, Гүльназ Камбарали кызы