“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айыл аймагы жашылдандырып, көрктөндүрүлүп жатат

20 Февраль 2021 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 91

Өткөн 2020-жылы Могол айыл аймагында жашылдадыруу, көрктөндүрүү багытында бир топ иш-чаралар ишке ашырылды.

Могол айыл өкмөтүнүн имараты

Ооган-Талаа, Чарбак, Кызыл-Суу, Көк-Тоңду, Кара-Ой, Чкалов айылдарында тургундар ишембиликтерге активдүү катышышты. Жалпысынан 18 ишкана, 830 киши катышкан иш-чараларда 2970 түп мөмөлүү бактар, 2930 түп ар түрдүү теректер, 980 башка да бактар отургузулган.Андан сырткары, 460 үй, 3800 дарактар акталды, 50 чакырым ички арыктар тазаланды, 32 тонна таштанды-калдыктар чыгарылды, жалпы аткарылган иштердин көлөмү 43 миң сом болду.
Быйылкы жылы да ушундай эле иштер аткарылат деп айыл аймактын планына киргизилген. Жаз келе жатканына байланыштуу бардык тургундарды айлана-чөйрөнү тазалоого, жашылдандырууга жана жашоо-чөйрөбүздү көрктөндүрүүгө салым кошууга айыл аймагынын башчысы чакырат.

Айдай Жапарова