“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Элдик жыйын: Моголдо 2020-жылы 119% бюджет аткарылган

18 Февраль 2021 жыл 1:02
Көрүүлөрдүн саны: 40

17-февраль күнү Могол айыл аймагында 2020-жылда аткарылган жумуштар, 2021-жылдагы аткарылуучу пландар боюнча элдик жыйын өткөрүлдү.

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов маалымат берип жаткан учур

Элдик жыйынга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бакыт Козуев, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, райондук меке уюмдардын жетекчилери келип катышты.

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов:

«Бүгүн элдик жыйында элдердин көйгөйлүү маселелерин чечип берүү боюнча бир топ маселелер козголду.

Ал эми экинчи маселеде жайыттарды убагында пайдалануу, жайыттагы эгиндерин жедирип койбой жакшы кароосу, элдерди малдарын жайлоолорго берип, каралсын деген эскертүүлөр берилди. Азыркы учурда элдердин эң көйгөйлүү маселеси трансформация маселеси болду. Аким, тиешелүү адистер жооп берип, саат 11де башталып 3:30да бүттү.

2021-жылдын планында таза сууну камсыз кылуу, башталып бирок бүтпөй турган оорукана, жолдорду тазалоо иштерди талкуулап чечтик. Кара-Ой айылынын мектебин салынуусун, Ооган-Талаа айылына жөө киши жүрчүү кичине жолдорду оңдоо пландалууда. Ал эми Чарбак айылына бала-бакча куруу маселеси да бар. Жыйындын жүрүшүндө эмгеги бааланган кызматкерлер аким Бакыт Козуев тарабынан сыйланды.»

Дарыгер Саткын Токтомуратова сыйлык алып жаткан кез

«Бүгүнкү күнү жалпы райондун баардык айыл өкмөттөрүндө жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттөр тарабынан элге маалыматтар берилип жатат. 2020-жылы аткарылган, 2021-жылда аткарыла турган иш- чараларды угуп, талкууладык. Могол айыл өкмөт тарабынан элдерге 2021-жылда аткарыла турган иштер жөнүндө билдирүүлөр берилди. Маалыматка ылайык, 2020-жылы Могол айыл өкмөтүндө бир топ жетишкендиктер болду.

Айыл аймакта бюджет боюнча 119% аткарышты, бул дагы жакшы жетишкендик демекчимин. 2020-жылдагы маселелерди дээрлик 100 пайыз аткарып жатышты. Дагы мындан кийин көптөгөн маселелерди алдыга коюшту. Биринчилерден болуп бул элге таза сууну камсыз кылуу, жер участокторун туура бөлүштүрүү, арыктарды тазалоо, курулуш маселелери пландалып, айтылды. Могол айыл өкмөтү быйылкы 2021-жылдын планын мурунку жылы ийгиликтүү ашырса, быйыл да бир топ ийгиликтерге жетишет деп ишенип турабыз»,-деди Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев.

Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы иштери
 

Тимурлан Мелисбеков, Айдай Жапарова