“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районунда Ооган согушунун 32 жылдыгы белгиленди

15 Февраль 2021 жыл 23:25
Көрүүлөрдүн саны: 44

Бүгүн Базар-Коргон районунда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгы белгиленди.

Базар-Коргон районундагы Ооган согушунун ардагерлери

Ага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев, Ооган ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев

Эскерүү иш-чарасында апаатта курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гулчамбарлар коюлуп, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Гүлчамбарларды эстеликтерге коюу учуру

Ооган согушунда Базар-Коргон районунан 240 тан ашык жоокер катышып, алардын ичинен 4 жоокер баатырларча курман болушкан.

Ардагерлерди сыйлоо учуру

Бүгүнкү күндө райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 176 адам Ооган согушунун катышуучусу катары каттоодо турат.

Алардын ичинен 175 адам ай сайын 6 миң сомдон, ал эми 1 адам согуштун майыбы катары 7 миң сом акчалай жардам алат. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы