“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Көйгөйгө айланган жол оңдолду

11 Февраль 2021 жыл 8:23
Көрүүлөрдүн саны: 79

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылындагы жол элдин көйгөйүнө айланып, айдоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратып жаткан.

Жол Базар-Коргон райондук жол башкармалыгынын карамагында болгондуктан айыл өкмөт башчысы бир нече ирет тийешелүү тарапка кайрылуу берген.

Бирок ага карабай эч кандай жооп жок болгондуктан Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов жана ушул көчөгө аты коюлган Нармамат Укубаевдин небереси Абдыманап Укубаевдин демөөрчүлүгү менен жол оңдолду.

Буга чейин Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору жол көйгөйүн бир нече жолу жазып чыккан.

 

Тимурлан Мелисбеков