“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол: Ачык эшиктер күнү өттү

4 Февраль 2021 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 38

Ачык эшиктер күнү «Синергия КГ-21» долбоорунун алкагында түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте Могол айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.

Ачык эшиктер күнүнө келгендер

Бул иш-чаранын негизги максаты- айыл өкмөт элге көрсөтүп жаткан кызматын эл арасына кеңири жайылтуу жана ошондой эле жергиликтүү жарандык жаш активистерди айыл аймагындагы маселелерге катышууда ролун активдештирүү.

Айыл аймакта жашаган көпчүлүк эл айыл өкмөтү иштөө тартиби жана анда иштеген бөлүмдөрдүн функцияларын жөнүндө маалыматы аз.

Бул иш-чараны өткөрүүдө жумушчу топ тарабынан даярдалган жана кагазга жөнөкөй тил менен түшүрүлгөн элге керектүү маалыматтар ушул «Ачык эшиктер» күнүндө таратылды. Иш- чарага Могол аймагынындагы 6 айылдан 60тан ашуун өкүлдөр келип катышып кетишти.

Ачык эшиктер күнүндө айыл өкмөт башчысы Эркин Турдукулов өзүнүн кызматы, «Бирдиктүү Терезе» кызмат көрсөтүү бөлүмү, убакытты үнөмдөө менен эффективдүү тейлөө жөнүндө жооптуу катчы Бактыгүл Алыбаева кененирээк токтолду жана башка кызматкерлер өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө жөнөкөй тил менен кыска тааныштырышты.

Айыл аймагы жөнүндө кызыктуу маалыматтар таркатылды

Кошумча айтсак, ар бир бөлүмдүн байланыш телефондору, айыл өкмөтүнүн вебсайты жана электрондук почта дареги жазылган маалымат баракчалар ушул иш-чарага катышкандарга таратылды.

Мындай Ачык эшик күндөр иш-чарасы бул аймакта биринчи жолу өтүп жатат.

 

Ооган-Талаа: Айылда чаналарды дат басты
Тимурлан Мелисбеков, Элена Капарова, Тахмина Сүёркулова, Курманжан Полотова