“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айылда чаналарды дат басты

31 Январь 2021 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны: 286

«Биз кичинебизде эртең менен чыккан боюнча кеч киргенче чана тепчибиз. Күндүн суугу, курсагыбыздын ачканын да сезбейт элек»,- дешет улуу муундагы айыл тургундары. Азыр айылда чана тепкен балдарды аз учуратса болот. Себеби эмнеде? Коомдо технология өсүп, телефондордун жашоого киргенинен бери көчөгө чыгып ойногон балдар аз.

Пандемия дагы телефонго көп көңүл бурууга алып келди. Интернеттеги оюндар балдардын аң-сезимине кирип, бүт оюн, убактысын алып жатканын айыл тургундары белгилешүүдө.

«Ал эми айылдагы балдар чана ойногондун ордуна телефон оюндарын ойногону өкүнүчтүү», — деди Гүлназ Камбарали кызы.

Элдар Абдразаков студент: «Айылда чана ойношпойт. Инилерим эшикке чыгып чана тепкиле десем, суук деп көнүшпөйт»,-дейт.

 

Тимурлан Мелисбеков, Тахмина Суёркулова, Рушана Садыкова