Кара-Буура райондук балдарга билим берүү борбору тарабынан «Атам апам жана мен» аттуу кышкы кичи олимпиада оюндары болуп өттү.

Катышуучуларды сыйлоо аземи
Оюндун максаты: жаштарды сергек жашоого үндөө, сергек жашоо образын калыптандыруу.

Оюн учуру
Жалпы 8 команда ат салышты.
Алар:
1.Аманбаев айылынан келген «Достук» командасы.
2.Бакыян айылынан келген «Ынтымак» командасы.
3.Үч-Булак айылынан келген «Жалын» командасы.
4.Бий ийрими «Алга»
5.Араб тили ийрими «Ал фауз Жеңиш»
6.Англис тили ийрими «Кыргызстан»
7.Мектепке даярдоо ийрими «Биримдик»
8.Көркөм сүрөт ийрими «Ак шумкар»

Оюн жогорку деңгээлде өттү. Даярдык мыкты экени көрүнүп турат. Жетекчиси Фарида Асанаалиевна жана командасы мыкты иш алып барганы байкалды.


Жыйынтыгында катышып берген ата-энелерге ыраазычылык кат тапшырылды.
Мыкты командалар грамоталарга ээ болушту.

Калыстар тобу сөз сүйлөп уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип өтүштү. Жакшы маанай тартуулаганын айтып жалпы командаларга ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Сыргак Авасбеков