“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Райондун «Ардактуу атуулдары» сыйланды

31 Декабрь 2020 жыл 2:26
Көрүүлөрдүн саны: 74

2020-жылдын 24-декабрь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Козуев Бакыт Садыкович райондо 2019-жылдын 11-айына салыштырмалуу 2020-жылдын 11-айында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди.

Жыйындын аягында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга «Ардактуу атуул» наамдары ыйгарылды.

Ошондой эле коронавирустун (COVID-19) алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда өзгөчө салым кошкон медицина кызматкерлери жана жеке ишкерлер райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамоталары» жана «Алкыш» баракчалары менен сыйланды.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата ишинде жетишкен ийгиликтери үчүн райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине «Ардак грамоталар» берилди.

 

12 үй-бүлө кышка карата көмүр менен камсыз болду 

Тимурлан Мелисбеков