“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айылда таттуулар чыгарылуучу ишкана ачылды

27 Декабрь 2020 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 75

Базар- Коргон районунун Чарбак айылында жаңы чакан ишкана ачылды. Кондитер цехин Акыл Азимкулов жана келинчеги Саида Такаева иштетет. Азыркы учурда торт чыгарып жатышат.

Саида Такаеванын айтымында:

«Москвада жолдошум экөөбүз 5 жыл нан жана кондитердик азыктарды бышыруучу ишканада иштедик. 5 жыл деген чоң убакыт, албетте бышырып, аралашып иштегенден кийин тажрыйба болот, үйрөндүк. Анан эмнеге ушул эле нерсени өзүбүздө ачып иштетсек болбойт деп, бул жакка келип аракет кыла баштадык. Ачылганыбызга 3-4 күн болду, ачылышына бир топ каражат кетти, азыктарды бышыруучу мешти эле 76 миңге сатып алдык.

Жаңы иш баштарда кыйынчылыктар болот экен, жаңы орунга да көнүшүш керек, эми баштап алсак, жолго түшүрүп кетебиз деген ойдобуз. Жаңы баштаган үчүн кемчиликтер аябай көп, азырынча 2 эле адам иштеп жатабыз, эми жаңы ачылдык да бара-бара кеңейтип, кыз келиндерди алабыз деп пландап жатабыз. Мына Россияга кетип жатышат ушул жерде иштесе жакшы да бала чакасы жанында, өзүнүн жеринде, өзүбүзгө эле пайда.

Азыр жаңы жылга деп торт чыгарып жатабыз анан печенье, пряник дегендерди да кошобуз.

Ишкана ачуу үчүн иштетилбей турган дүкөндүн имаратын ижарага алганбыз, эки кабаттуу, үстүнкү кабатына даяр продукциябызды чыгарып жатабыз».

Азыркы учурда астынкы кабатында торт бышырылып жатат. Ал эми экинчи кабаты склад катары торттор сакталууда. Иш илгерилеп калганда үстүнкү кабатын шириндиктер сатылуучу дүкөнгө айландырууну пландап жатышат.

«Келечекте чооң кондитер азыктарын чыгаруучу ишканага айландырабыз деген максатыбыз бар. Бизде мындай ишкана Чарбак айылында жок, өзүбүздөн шириндиктер чыкса жакшы».

Баарын сапаттуу кылып чыгарганы аракет кылып жаткандыгын Саида Такаева белгилеп кетти.

 

Аймээрим Саитжанова, Асема Тяншан кызы