«Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү улантылууда.
Бүгүн райондун аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн арасынан ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 57 үй-бүлөгө азык-түлүктөр таркатылды.
Кыргыз Республикасындагы Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү тарабынан купондор берилип, ал купондорду сатып алууну мекеме уюм ишканалардын кызматкерлери колдоого алышты жана акча каражатын топтоого көмөк көрсөтүшүп, топтолгон акча каражатынын эсебинен жардам берилди. Купондорду сатып алууда активдүү катышкан жарандарга ыраазычылык айтылат.
Тимурлан Мелисбеков, Элена Капарова