“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сурамжылоо: Сиз кандай мамлекеттик башкарууну колдойсуз

18 Декабрь 2020 жыл 0:13
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору айылдын элинен сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоодо келе жаткан референдумда коюлуучу үч багыт боюнча пикирлер алынды.

Полотбек Тиркешов

Полотбек Тиркешов-пенсионер:

«Мен президенттик башкарууну каалаймын. Себеби парламенттик башкаруунун кандай абалда экенин түшүндүк. 30 жыл ичинде эч бир жакшылык болбоду. Байлар, жемкорлор, алдамчылар, жалганчылар көбөйдү. Бир адам колго алып туруп, жакшы жакка, бир нукка буруусун каалаймын».

Кадича Жумабаева

Жергиликтүү кеңештин депутаты Кадича Жумабаева:

«Эми бизде парламенттик башкарууну көрдүк го. Бири нары тартты, бири бери тартты. Президенттик башкаруу эле жакшы. Илгери президенттик башкаруу эле болгон да. Ар бир облустан, райондон бир эле депутат болот эле. Депутаттар азыраак болсун. Ансыз деле Кыргызстаныбыз кризисте турса, азыраак депутат болсун деп ойлойм. 120 депутаттын кереги жок».

Таалай Кошалиев

Кошалиев Таалай-айыл тургуну:

«Мен президенттик башкарууну туура деп ойлоймун. Парламенттик башкарууну көрдүк. Жоопкерчилик жок. Ошол үчүн мен президенттик башкарууну тандаймын».

Бактыгүл Абдукеримова

Абдукаримова Бактыгүл-балдар бакчасынын жетекчиси:

«Президенттик башкарууну колдоймун. Себеби 30 жылда көрдүк парламенттик башкаруу болуп, партиялар болсо байлардан түзүлүп, саясат дагы өтө күчөп кетти. Парламенттик башкарууда эч ким жоопкерчиликти мойнуна албайт экен. Ал эми президенттик болсо президент өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бериши керек. Сиздерге рахмат элдин пикирин угуп, эл менен кеңешип жатканыңарга рахмат айтамын».

Рахматуло Аблазов

№19 Арстанбап мектебинин класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Рахматуло Аблазов:

«Мен референдумдагы карала турган башкаруунун кайсынысын тандаймын чече элекмин».

Турдукан Момкеева

Турдукан Момкеева- мугалим:

«Өзү парламенттик башкаруу да жакшы. Баары ыймандуу эл үчүн иштегендер болсо. Анда парламенттик башкарууга жетеби. Азырынча парламенттик башкарууга ишенич жок. Байлар, коррупционерлер келип, ошолордун сөзү өтүмдүү болуп, эл үчүн чыркырагандардын үнү жетпей калып жатат. Ошондуктан парламент оңолмоюнча, парламенттик башкарууга ишенич жок. Мен азыркы мезгилде президенттик башкаруу болуп туруусун каалайт элемин. Себеби, президент жоопкерчиликти жалгыз өзү мойнуна алат. Элдин алдында отчет бериши керек. Президентке эч ким тийишпеш керек. Мамлекетти тазалап алганча, парламентти, сот системасын тазалап иретке келтирип алганча убакыт берели. Кыргызстаныбызга акыл-эстүү, ыймандуу президент келсин».

Талант Сатаров

Сатаров Талант:

«Менин жеке оюм, жеке чечимим, жеке каалоом бул президенттик башкаруу. Себеби президенттик башкарууда бир тараптан чечим чыкмак, бир тараптан болмок башкаруу системасы. Президент Конституцияны, Кыргыз Республикасынын закондорунун негизинде иштеп, буйрук берип, башкаруу бир тарапта кетмек. Эмне үчүн парламенттик башкарууну тандабайт элем?

Анткени, парламенттик башкарууда көрүп жүрөбүз ар кандай фракция, ар кандай лидерлер ар кандай партиянын лидерлери отурат. Ушунча жылдан бери көрүп жүрөбүз эч алдыга жылбадык. Парламенттик башкарууну каалабайт элем. Алар жеке өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн иштеп жатышкан. Ошондуктан президенттик башкарууну тандап, Кыргыз элиме татыктуу, билимдүү, ыймандуу президент келишин каалайт элемин».

Мухамбет Алибаев

Мухамбет Алибаев:

Президенттик башкарууну колдоймун. Себеби парламенттик башкарууда туура эмес жакка колдонуп, бизнес кылып алды парламенттик башкарууну. Өлкөнү бир адам башкарганы жакшы болот. Бир адам башкарсын жана бардык нерсеге бир адам жооп бериш керек. Ошондо өнүгүү болот.

Маек: «Биз конституция өзгөргөндөн эмес кадр алмашуудан өнүгөбүз»
 Гүлназ Камбарали кызы