Базар-Коргон районунда эрте эмгекке тартылган балдар көзөмөлгө алынууда.
Бүгүн райондук мамлекеттик администрациянын буйругунун негизинде райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү бөлүмүнүн, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана мектеп мугалимдеринин катышуусунда борбордук базарда рейд жүргүзүлүп, соода-сатыкка көмөктөшкөн балдар текшерилди. Рейд учурунда жашы жете элек 3 өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталды.
«Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында соода түйүндөрүндө соода кылган жашы жете элек өспүрүмдөргө рейд уюштурулду. Рейд жүргүзүүнүн негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдү дени сак тарбиялоо жана келечек ээлерин Кыргызстан үчүн кызмат кылуусуна багыт көрсөтүү.
Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалда ата-энелер менен биргеликте балдардын келечегине кайдыгер карабай кылмыштуулуктун, зомбулуктун, өз өмүрүнө кас кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүбүз зарыл»,- деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Илманбек Ибраимов.
Жыйынтыгында балдардын ата-энелерине эскертүүлөр берилип, тийиштүү чаралар колдонулду.
Жаңгактын үшүк алып кеткени элет элинин жашоосуна кандай таасир берди
Гульназ Камбаралиева