“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ден-соолука пайдалуу чөптөр

25 Ноябрь 2020 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны: 791

Шалба-уй бедеси жана какум-кукум гүлүнүн ден-соолука пайдасы

Шалбаа уй-бедеси:
Шалбаа уй-бедеси (Клевер луговой),(лат. Trifolium pratense, L.1753) — чанактуудар тукумундагы 1,2 жана көп жылдык чөп өсүмдүк.

Шалбаа уй-бедеси

Сабагы жумуру, жалбырагы үй ача, топ гүлдүү, гүлү кызыл, кызгылт, ак түстө. Тамырында азот топтоочу түймөк бактериялар бар. Ал топурактын күрдүүлүгүн арттырат. Дарылык үчүн гүлү, жалбырагы колдонулат. Тоют үчүн чөп менен аралаш себилет. Арык жээктеринде, эски беде аңызында, нымдуу кыртыштуу өрөөндөрдө өсөт. Майдан августка чейин өсүп, гүлдөй берет. Бийиктиги 20-30 см.


Даарылыгы: Аз кандуулукка, нерв оорусуна, жалпы эле кандын айланышын жакшыртууга колдонулат. Ошондой эле тамакка кошуп чүчбара жасаса болот. Кургатылган гүлүн кайнак сууга 3-саат демдеп, суусундук катары ичсе, бардык кан тамырлардагы убтманы ошондой эле денедеги тузду(шлак) тазалайт.

Даярдалышы: Төмөндөп кеткен кан басымды көтөрүү үчүн 5 литр кайнак сууга 300 грамм уй-беде гүлүн демдеп бир кайнатып алып, 150 грамм бал кошуп, муздагандан кийин 200 грамм таза спиртке аралаштырып, бөлмө температурасында 3 күн коюп, 200 граммдан 3-4 маал тамак алдында ичүү керек. Бузулуп кетпес үчүн муздаткычка салып коюу абзел. Ичээрде жылытып ичүү керек.
Натыйжа бериш үчүн бир ай же андан да көбүрөөк ичилет. Күнүмдүк ичүүгө гүлү, жалбырагынан 25-30г күкүмүн 1,5 литр кайнак сууга 25-30 мүнөт демдеп, 10-15 күн жаңыртып 3-4 маал 200 граммдан ичсе да эң жагымдуу.


Какум кукум: Эгер муундарыңыз ооруп, доктурлардын кеңеши жардам бербей жатса, анда жаратылыштын белеги болгон каакымды сөзсүз түрдө колдонуп көрүңүз. Чөп өскөн жердин баарында байыр алган Каакым гүлдөп турган маалында муундар үчүн миңдин бирине айланат. Медицинада бул өсүмдүктү артрит, артроз, подагра, ревматизм аттуу ооруларга дары жасоодо колдонот.

Кээ бир учурда каакымдын тамырын да дабага кошот. Бирок аны эрте жазда же күздө гана казуу керек.

• Каакым гүлүнүн тундурмасын даярдоо ыкмасы — 500 г жаңы терилген гүлгө 0,5 л спирт (70%) куюп, оозун жакшылап жаап, караңгы жерге 12 күнгө коюп коёбуз. Ревматизм, подагра, артрит, артроздо ооруган муунга кызарганча сүртөбүз да жылуу ороп коюу керек. Бул процедураны бир күндө бир нече жолу кайталоо абзел. Бул жасалга остеохондрозго да жардам берет.

• Каакымдын тамыры менен жалбырагынын тундурмасы — 1 чай кашык кургатылып, майдаланган тамыр менен жалбыракты бир стакан кайнак сууга бир саатка демдеп, чыпкалап алабыз. Ревматизм жана полиартриттен жабыр тарткандар күнүнө 4 жолу тамак ичээрден жарым саат мурун ¼ стакандан ичүү керек.

• Артритке каакымдын тамырынан жана жалбырагынан кайнатма — 1 чай кашык кургатылып, майдаланган чийки затты 1 стакан суу куюп кайнатабыз. 10 мүнөт кичинекей отто кайнаган соң, оттон алып жарым саат демдеп, чыпкалайбыз. Күнүнө үч жолу тамактын алдында бир чай кашыктан ичүү керек.

• Ревматизмге каакымдын гүлүнөн жасалган сироп — жаңы чогултулган гүлдөрдү үч литр банкага кант менен аралаштырып ( 1:1 ) салабыз. Караңгы жана жылуу жерге бир күнгө коюп, анан бир жарым жумага муздаткычка салып коёбуз. Даяр болгон сиропту чыпкалап, каакымды сыгып алып таштайбыз. Муздаткычта сактап, канттын ордуна колдонуу керек.

Элдик медицина ревматизмге чалдыккандарга каакымды гүлдөгөн маалында гүлүн чайнап турууну сунуштайт.

Даяардаган:Ширин Маратбекова,Айдай Жапарова.