Арстанбап айылындагы №34 мектепке «Бирдиктүү аракет- алгылыктуу натыйжа» деген ураан астында, биримдикти, жаратылышка болгон жакшы мамиле, жаштардын ынтымагын өзүндө көрсөткөн граффити тартылды. Бул граффитини Арстанбап атындагы №19 Ю.Исламов атындагы орто мектептердин окуучулары TаасирLink долбооруна катышып тартышты.
Долбоор Кыргызстандагы «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюму (Search For Common Graund) тарабынан каржыланып, «Жаш-Ниет коомдук бирикмеси» тарабынан ишке ашырылууда. № 19 Арсланбоб орто мектебинин мугалими Шохрух Мирзакаримов ТаасирLink долбоорунун таасирдүү инсаны катары иш алып барат.
Сүрөттө №19-Арсланбоб мектебинин 11-класс окуучусу Шахзадбек Азимжанов жана анын бир тууганы Сугдиёна Азимжанованын сүрөтү тартылган.
Эскерте кетсек, 2- ноябрда ТаасирЛинк долбоорунун алкагында Арстанбап айылында экоакция болгон.
Тимурлан Мелисбеков