“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Райондук мектептер жана китепканалар китеп менен камсыз болушту

25 Ноябрь 2020 жыл 23:23
Көрүүлөрдүн саны: 73

2020-жылдын ноябрь айында USAIDдин “Окуу керемет” долбоору тарабынан китептер Жалал-Абад облусу Базар-Коргон районунун мектептеринин жана коомдук китепканаларына берилди.

Окуу китептерин тапшыруу учуру

Китеп берүү аземи Базар-Коргондун билим берүү бөлүмүндө өттү.
Адабий окуу жана математика көндүмдөрүн башталгыч класстарда өнүктүрүү боюнча китептер тапшырылды. Базар-Коргон районуна караштуу 66 мектептен 48 мектеп бул долбоорго тартылды.


USAIDдин “Окуу керемет!” 4 жылдык долбоор.
Азыркы күндө тартылган мектептин отуз бирине адабий окуу китептери, ошондой эле модулдар таратылды.

Мугалимдердин, окуучулардын чыгармачылыгын өстүрө турган, алардын билим деңгээлдерин, квалификацияларын өстүрө турган атайын орусча, өзбекче жана кыргызча китептер бар.

Буга чейин орус, кыргыз тилдеринде гана китептер келсе «Окуу Керемет» долбоору боюнча өзбек мектептерге да китептер келди. Директорлор жана китепканачылар китеп тапшыруу аземине катышышты.

Метод кабинетинин башчысы, райондогу «Окуу керемет!» долбоорунун куратору  Жаркын Маматова

Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин башчысы, райондогу «Окуу керемет» долбоорунун куратору  Жаркын Маматова төмөндөгүлөргө токтолду:

ЮСАИДдин «Окуу керемет «долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн кошумча материал катары колдонулуучу классификацияланган китептер менен камсыз кылды. Бул мугалимдер, китепканачы жана окуучулар үчүн чоң өбөлгө, жардам. Төрт жылга созулган долбоорго ийгилик каалап, Базар-Коргон району активдүү жана жоопкерчиликтүү иштешүүгө аракет кылабыз».

Мектептин дубалына тарбиялык мааниси бар граффити тартылды
Тимурлан Мелисбеков