“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон району боюнча 13 мектепте реалдуу окуу башталды

14 Ноябрь 2020 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны: 79

Базар-Коргон районунда 11- ноябрдан баштап 13 мектепке салттуу түрдө окутуу башталды.

Окуучулар аралыкты сактоо менен отургузулган

Базар-Коргон районунда 11-ноябрдан баштап 13 мектепте салттуу түрдө окутуу башталды. 300-гө чейинки окуучусу бар 10 мектепте, 600-гө чейин окуучусу бар 3 мектепте Билим берүү жана илим министрлигинин бекитип берген алгоритмине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн райондук СЭС кызматкерлери Талды-Булак айылындагы мектептерде санитардык-гигиеналык эрежелерге ылайык окутулушун текшерүүгө чыгышты.

Дене табы текшерилген кез

Аталган айыл өкмөттө 4 мектеп окутууну баштаган. Сары-Жайык, Катар-Жаңгак, Үч-Булак, Ак-Терек, Ак-Тыт айылдарында илдет катталган эмес.

Райондук ыкчам штабда СЭСтин сунушунун негизинде коронавирус илдети катталбаган айылдардагы мектептерге уруксат берилди. Көзөмөл улантылып жатат.

Нарында салттуу окуу калыбына келе баштады
Айдай Жапарова