“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Дашмандын корук болуусуна эл каршы

30 Октябрь 2020 жыл 22:09
Көрүүлөрдүн саны: 332

2012-жылы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан бөлүнүп алынып Дашман коругу  элдердин макулдугу жок түзүлгөн. Элдерге бир канча жылдан бери ынгайсыздыктар туулуп, жыйналып кайрылуу жасашты.

Арстанбап эли жыйынга чогулуп жаткан кези

Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу 2012-жылдын 12-июлундагы 482 «Дашман  мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө » токтомунун негизинде уюштурулган. Жаратылыш коруктун жалпы аянты 7958,1 гектарды түзөт .»Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу бүгүнкү күндө 7958,1 гектар жер аянтында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Арстанбап жаңгак токою

Дашман коругунда жашаган элдеринин жашоо шартына кыйынчылыктарды жаратты. Корукка алынгандан кийин адам баласына бут басууга уруксат жок. Корук болгонго чейин жазгы козу карындан баштап жаңгак бышканга чейин элдер пайдаланып келчү. Элдер бир канча жылдар бою нааразычыгын билдирип жогорку органдарга, Жогорку Кедештин депутаттарына чейин кайрылып келет. Бирок тилеке каршы чара көрүлбөй жатат.

Жыйынга чогулган эл Дашмандын корук болуусуна каршы

2020-жылдын 21 октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Жапаров Садыр Нуркожоевичке элдер топтолуп 10 миң кожолук элдин атынан кайрылуу жасап, кол тамгаларын коюшту.

Кол коюлган кайрылуу менен тааныштырып жаткан кез

«Элдин кайрылуусу: Элдин муктаждыгын чечпеген бир тараптуу заповедник маселесин чечип берсе. Эч кандай ишканалар жок. Эл кыйналып кетип жатат барган сайын. Жазгы козу карындан баштап күзгү мөмөсүнө чейин пайдаланып келет. Андан башка эч кандай киреше жок. Садыр Нуркожоевич кудай буйруса жыйынтык чыгарып берсеңиз элден суранычы ошол.»-дейт тургундар.

Өз пикирин билдирген тургун

«Дашман маселеси чечилип калат деп жети сегиз жылдан бери үмүттөнүп атабыз. Бул эски депутаттардын колунан келбеген иш. Садыр Жапаров президенттикти алды бийликти алды Алла Таала ушуга өмүр берсин, ден соолук берсин. Биздин ушул ишибизди чечип койсун. Мына Көк Алма, Ооган-Талаа, Арстанбап, Кызыл Үңкүр баары ушул жерден тиричилик кылат. Чөп тоют оробуз, алманын, жаңгактын мөмөсүн алабыз. Ушул маселени чечип бермейинче биз тынчыбайбыз. «-дейт айылдын аксакалы.

Дашман токой чарбасынын директору Пиназаров Кеңештин айтымында:

«Дашман коругунда 8 жылдан бери маселе туулуп жатат. Корук зоонасына кирүүгө тыюу салынган.  Жаңгак терүүгө болбойт, мал коюга болбойт, чөп чабууга болбойт. Элдер суранып жатат статусун өзгөртүп Өзгөчө коргоочу жаратылыш аймактарынан «жаратылыш парк» статусуна айландырып бергиле деп. Негизи экология баардык адам затка керек. Токойго албетте залакасы тийет. Аны эми биз чечпейт экенбиз.»

Токойчу Бактыбек Акимжановдун айтымында:

«Корукта даары чөптөр көп 1050 түрү бар. Уникалдуу жаңгагыбыз бар. Коруктун максаты ушул уникалдуу жаңгакты жоготуп албоо, кызыл китепке кирген жаңгакты жана жаныбарларды, токойлорду коргоо. Мыйзам боюнча корукта токойдун үстүнөн вертолёт учпаш керек, чөп чабылбаш керек, ит үрбөш керек жаныбарларды үркүтүп, адам уруксатсыз кирбеш керек өзүнүн маршруту бар маршруту менен гана кирет. Ушунун баарына тыюу салынат. Токойлорубузду сактап калуу биздин милдет.»

Токойду коргоп сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз, бирок ал аймакта жашап жаткан калктын көйгөйлөрүн да чечүү зарыл.

Даярдаган: Аймээрим Саитжанова, Роза Анаркулова.