Арстанбап айыл аймагында Футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Футболго жаштар айыл башчы менен катышып аябай кызыктуу болду.
Футбол боюнча мелдеш ТаасирЛинк долбоорунун колдоосу менен өттү.
Арстанбап жаштары Достук кубогуна айыл аймагынын айыл башчысы иш-чаранын максатына жеткирүү үчүн өзү да кошулуп футбол ойноду.
Баардыгы болуп сегиз команда катышып, үч команда финалга чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдешке Гумкана, Арстанбап Жарадар, айылдарынын спортсмендери катышышты. Жеңүүчүлөргө кубок, спорттук бут кийимдер, кызыктыруучу белектер менен бирге мактоо баракчалары да берилди.
ТаасирЛинк долбоору Search for Common Graund (SFCG) Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюму жана «ЖашНиет» Коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат.
1-орун «Жаш күч» командасы алды.
Даярдаган: Ширин Маратбекова