“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Агрономдорго дарылоочу агрегаттар берилди

17 Октябрь 2020 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 71

Бүгүнкү күндө айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл жериндеги калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу – мамлекеттик маанилүү багыт.

Ушул максатта айыл жериндеги дыйкан-фермелерге окутуу-тажрыйба үйрөтүү менен алек болгон жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү жагы көңүлдөн чыккан эмес.

Агрегаттарды тапшыруу мезгили

Ушул багытта Базар-Коргон районун аймагындагы жеке агрономдорго Кыргыз Республикасынын айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаменти аркылуу жер-жерлерде дыйкандарды окуткан жеке агрономдорго зыянкечтерге каршы күрөшүүчү агрегаттарды тапшырылды.

Бул иш-чарага райондун акими Бакыт Козуев, тийиштүү адистер, айылдык агрономдор катышышты. Аким Бакыт Козуев агрономдорго кайрылып, айыл чарбасында натыйжалуулукту, интенсивдүүлүктү жогорулатуу багытында зор аракеттер керектигин белгиледи.

«Бул агрегаттар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) тарабынан камсыз кылынган. Эми айылдардагы агрономдор бул агрегаттарды өсүмдүктөрдү коргоо, дыйкан-фермелерди окутуп-үйрөтүү максатында пайдалана алышат».

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев

«Мындан ары да жергиликтүү агрономдорду, дыйкан-фермерлерди колдоо иштери улантыла берет деп ишенебиз», — дейт Бакыт Козуев.


Ширин Маратбекова