“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мектеп окуучулары мыкты актёр номинациясын алышты

17 Октябрь 2020 жыл 2:47
Көрүүлөрдүн саны: 166

Исхак Разаковдун 110 жылдыгына карата иш-чаралар өтүп, бир канча мектептер мыкты актёр номинациясы менен жана кызыктыруучу белектер, грамоталар менен сыйланышты. Алардын ичинен Ооган-Талаанын Сатыбалды Далбаев мектеби да алды.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата 23-сентябрь тил күнүнө Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү “Данакер Лингво”маданий илимий коому коомдук бирикмеси менен биргеликте, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чараны мугалимдер жана окуучулар менен биргеликте онлайн формасында Zoom программасында өткөрүштү.

Мектептерде Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган сценкалар тартылып, конкурс 2 этапта өттү.

Жыйынтыгында 66 мектептин ичинен төмөндөгү мектептер жеңишке жетишишти.

Гран при №8 Ж.Сулайманкулов орто мектеби 1-орун, №7 М.Мамбеталиев гимназия мектеби 2-орун,  Б.Абдрашев негизги мектеби 3-орун, №30 Ө. Атабекова инновациялык гимназия мектебине кызыктыруучу белектер берилди.

Мыкты жаамат номинациясына Ж.Бөкөнбаев жатак мектеби, Мыкты актер номинациясына №17 С.Далбаев мектеби жана №29 Монокбаев орто мектептери сыйланышты.

66 мектептин ичинен тоо зонасындагы С.Далбаев мектеби да мындай номинацияга жетишкенине мугалимдер жана окуучулар жамааты сүйүнүп 8-классынын окуучусу Амантурду сен мыктысың деп куттуктоодо.

С.Далбаев мектебин грамота менен сыйлоо учуру

С. Далбаев мектебинин мугалими Айчүрөк Жамгырчиеванын айтымында:

«Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата видео сынагы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Байназ менен Амантур аттуу 8-классынын окуучулары Исхак Разаковдун бала чагын тартыптыр. Ушул видеону көрүп, иш аракеттерин байкап мыкты актёр номинациясын ыйгарышты. Биз ойлогон эмеспиз, мындай номинацияга жетебиз деп, кече районго чакырып грамота, белектерди ыйгарышты. Районо боюнча 66 мектеп болсо, ошонун ичинен 4-5 мектепти гана сыйлашты, ошонун ичинен биз да ушундай ийгиликтерге жетишкенибизге аябай кубанып, окуучуларыбызга ыраазы болуп турган учурубуз. Окуучуларга ырахмат! Кандай тапшырма берсек да колдорунан келген аракеттерин жасап, тартканга аракет кылышат».

8-классынын класс жетекчиси Миргүл Тургунали кызы

Класс жетекчиси Миргүл Тургунали кызы:

«Ооба мен биринчи Гүлназ эжеден уктум. Мага эрте менен чалып окуучуларың мыкты актёр наам алышы менен куттуктайм деп калды. Мен таң калдым эч ким айтпады элего деп. Мындай наам алат деп ойлогон эмесмин себеби «А» класстарда мындан күчтүү окуучулар бар. Окуучуларыма айттым келгиле тасманы тартып көрөлү силер да аракет кылгыла десем макул тартып көрөлү деп оюбуз бир жерден чыгып тарттык. Башында уялышты, баары көрөт да эми бизди деп, Исхактай Исхак болсоңор жакшы болуп чыгасыңар дедим ар кимдики ар түрдүү чыгат биз деле тартып көрө берели деп кудайдын буйругу менен ушул номинацияга жетишип олтурабыз. Негизи эле шыктуу балдар, айтканды кылышат андай эле чыр тополоңу жок.»

Тасма тартуу мезгили

Исхак Разаковтун ролун ойногон шыктуу актер Амантур

Амантурдун айтымында:

«Бир маалда эжекем чалып, чакырып калды тасма тартабыз деп. Баарыбыз чогулуп алып бардык. Ылайдан шаар кура баштадык, шаарымдын дарбазасы эч эле турбайт. Бир сыйра күлүп, бир сыйра урушуп алдык. Чындыгында аябай уялдым камераданбы билбейм. Кино эмес кичине үзүндү тартуу деле кыйын экен, кечке жүрүп эки мүнөттүк тасма тарттык. Актер болуу кыйын экенине дагы бир ирет ынандым.»

Мугалим Гүлназ Камбарали кызы:

«Мен 8-классты 2 жыл окуттум. Албетте шыктуу балдар бул класста көп. Ал талантты алып чыгуу мугалимден көз каранды деп ойлоймун. Анткени мугалим жол көрсөтүп, баланын шыгына көңүл бурат. Дал ошол актердук шыкты класс жетекчиси Миргүл Тургунали кызы Амантурдан байкаган. Демек класс жетекчиси Миргүлгө ыраазычылык билдиремин. 8-класстын окуучуларына, Амантурга рахмат, бизди районго таанытып, дагы бир жетишкендикке жеткенине.»

Арстанбап айылында жеке ишкер спорт зал куруп берди
Аймээрим Саитжанова