Базар-Коргон районунун аймагында 1 миң гектар аянтка күздүк эгиндерди эгип, келерки жылы мол түшүм алуу аракеттери кызуу жүрүп жатат.
Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Палванов билдирди.
Анын айтымында, эгин эгилүүчү аянттарды даярдоо менен бир катарда келерки түшүмдү мол алууга көздөлүп жатат.
Муну үчүн эгин эгилүүчү аянттарды сугарып, андан соң гана эгин себилиши керек. Бул максатты ишке ашыруу үчүн райондук сугат башкармалыгынын жетекчилиги менен ирригациялык системанын даярдыгына мониторинг жасалды.
Кайсы жерде сугат системасы канчалык даяр экени, кайсы жерде кандай даярдык иштерин жасоо зарылдыгы толугу менен көздөн өткөрүлдү жана ошого жараша чечимдер кабыл алынды.
-Деген менен, быйылкы жылы башка бардык аймактардагыдай эле район аймагында да сугат суунун тартыштыгы байкалып, дыйкандарга кыйынчылыктар жаралды.
Кийинки жылы да ушундай абал кайталанышы ыктымал. Ошондуктан да күздүк эгиндерди себүүдөн алдын аянттарды сугаруу кийинки жылдагы түшүмдүн көп болушуна, кирешенин арбын алынышына алып келет, — дейт Авазбек Палванов.
Район аймагында айыл чарба иштери дале кызуу жүрүп жатат. Мунун баары райондун калкынын жашоо шартынын жакшырышы үчүн жасалууда.
Ал эми Нарын облусунун Ак- Талаа районунда суу каналдары оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат
Тимурлан Мелисбеков