“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Мектеп ашканасы жабдуулар менен камсыз болду

15 Октябрь 2020 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 79

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн мектептерине Бүткүл Улуттук Уюмунун Дүйнөлүк Азык Түлүк Программасы 2013-жылдан бери биргеликте иш жүргүзүп келүүдө.

Мектеп ашканасы

Учурда мектептердин ашканаларына керек болгон ашкана жабдуулары менен камсыз кылууда. Алар : нан бышыруучу, камыр жууруучу жабдуу, тамак жасоочу электр плиталары, азык коюучу ,таза идиш коюучу текчелери.


№5 Токтогул, №21 С.Ташиев, №47 Б.Саипов, №33 Ж.Турусбеков атындагы орто жана гимназия мектептердин ашканалары толугу менен даяр болгондуктан жогорудагы жабдуулар менен камсыз болушту.

Нан бышыруу меши

Мындан сырткары 6-7- 8-агымга кирген райондогу 9 мектепке 14 тонна 750 кг ун таратылды.

Ашканага берилген муздаткычтар

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев төмөндөгүлөргө токтолду:

» Негизи Базар-Коргон райондук  билим берүү бөлүмү быйылкы жылдын эсебинен 5 мектепти ысык тамакка киргиздик, алар Токтогул мектеби, Ташиев мектеби, Турусбеков жана башка мектептер 100% ашканасын талапка ылайыктап ремонттон өткөрүштү. Айыл өкмөтүн жана жеке ишкерлердин жардамы менен бүттү. Мисалы Ташиев мектебине Кызыл-Үнкүр айылынын Москвада миграцияда жүргөн жергиликтүү тургундар өздөрүнүн салымын кошуп, мындайча айтканда донорлук  кылышып, ашканасын талаптагыдай оңдоо иштерин бүтүрүп беришти. Биздин, мектептин жетекчилигинин жардамы менен толук ремонтон чыгарып, ысык тамака киргиздик. Учурда дагы 14 мектепти кийинки жылга даярдоодобуз. Буйруса аларда дагы жакшы жетишкендиктер болот деп ойлойбуз.»

Идиш коюлуучу текчелерди орнотуу мезгили

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн ысык тамакка жооптуу адиси Сабира Мурзаева төмөндөгүлөргө токтолду.

«Базар — Коргон  райондук билим берүү бөлүмүндө жалпы 66 мектеп бар . Азыркы учурда район боюнча 37 мектебизде өздөрүндө ысык тамак жана нан бышыруу уюштурулган . Улуттук Уюмунун Дүйнөлүк Азык — Түлүк Программасынан 27 мектеп, Мерсино Эл аралык уюмунан 7 мектеп, япон  градынан 1 мектеп, Республикалык бюджеттен 1 мектеп жана өз алдынча ысык тамак уюштурулган 1 мектепте башталгыч класстагы 12194 окуучуларыбыздын ден соолугун чыңдо жана окуу чөйрөсүн жакшыртуу максатында ысык тамак уюштурулган.Ошондой эле ата-энелердин  кошумча каражаттардынын эсебинен жашылча жемиштер жана ошондой эле эт менен камсыздалышат. Мерсико Эл аралык уюуму тарабынан 5 мектепке чечивиця, күрүч, буурчак жана ошондой эле өсүмдүк майы берилди. Кийинки окуу жылына  шашке чай ичкен мектептерибиз ысык тамак берүүгө бардык шарттарды түзүүдө. Мектептин аш канасын санитардык талапка ылайык иш жүргүзүүдө  Таза суу ашканага киргизилип, септик курулуда.»

#33 Жусуп Турусбеков атындагы  орто мектебинин директору Абдумалик Мурзакулов буларга токтолду:

«Бизге  кече ашкана жабдууларынын акыркылары келип түштү. Баардыгын  жайгаштырып ордуна койдук. Эки жылдан бери аракете жасалды. Биринчи2019-жылы баштаганда септиктен баштадык. Таза сууга кудук курдук. Андан кийин айыл өкмөт бюджетинен бөлдүрүп 180 миңге ашкананын ички жасалгасын кылдык. Андан кийин калкты жумуш менен камсыз кылуу борбору бар. Аларга 2 жолу каталып  50 миңден 100 миңге сырткы ашканага пескоблок алдык, ал эми 2020 жылы дагы айыл өкмөтөн 160 миң акча бөлдүрүп, калган электр бөлүгүн бүтүрдүк. Сырта эки бөлмөлүү 14 метрлик кампа курулган, бир жак тарабына үн сакталса, бир жак тарабына азык — түлүк, жашылча, жер жемиштер сакталат. Ал эми бир жак тарабына очок курабыз деп пландаштырганбыз . Ошонун үстүн жаап, ичтерин шыбап, бүткөрүлдү. Андан сырткары Каба айылынын Россияда иштеген жаштар 35 миң салды. Бизде мектепте жалпы 132 окуучу тамактандырылат. 2-октябрдан баштап 1-класстарга тамак берип жатабыз. Жалпы бизде 330 окуучу бар. Мугалимдердин саны 21. 2018 жылы алма отургузуп быйыл 150 кг түшүм берди. Максатыбыз балдарга алмадан компот даярдап берүү.


Ширин Маратбекова, Аймээрим Саитжанова.