“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Мекеме-ишканаларда санитардык-гигиеналык талаптар аткарылуудабы?

15 Октябрь 2020 жыл 21:15
Көрүүлөрдүн саны: 68

Базар-Коргон районунда бүгүн адаттагыдай эле борбордук базар жабылып, таңкы саат 7:00дөн баштап райондук оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан толугу менен залалсыздандырылды.

Базар-Коргон райондук борбордук базары

Мындан сырткары, райондук мамлекеттик администрациянын аппараттык жыйынында мекеме-ишканаларда санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруунун жүрүшү боюнча маселе каралып, ар бир мекеме-ишканалардын санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруусу боюнча Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү, социалдык фонд башкармалыктары, архив, салык башкармалыгы жана калкты тейлөө борборуна (ЦОН) рейддер жүргүзүлдү.

мекеме-ишканаларды санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча рейд учурунда

Жыйынтыгында Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Социалдык фонд башкармалыктарынын, Архив жана Калкты тейлөө борборунун (ЦОН) кызматкерлери тарабынан санитардык-гигиеналык талаптар аткарылып жаткандыгы аныкталды, ал эми Салык башкармалыгында аралыкты сактоо жана «бет кап менен кирүүгө мүмкүн эмес» деген жазууларды илип коюшкандыгы менен кызматкерлер тарабынан бет кап тагынбай отургандыктарын көрүүгө болот.

Эскертмелер илингени менен бет капсыз жүргөн элди көрүүгө болот

Жыйынтыгында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ширин Маратбекова