“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

100 орундуу оорукана ноябрь айынын аягында бүткөрүлөт

15 Октябрь 2020 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны: 56

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына курулуп жаткан 100 орундуу кошумча имарат ноябрь айынын аягында бүткөрүлөт.

100 орундуу оорукананын курулушу

Азыркы учурда эки блокто салынган имараттын 50 пайыздан ашуун жумуштары аяктап калды. Чатыры жабылып, биринчи кабатынын терезелери орнотулууда.

Чатыры жабылып, терезелерин орнотуу учуру

Ага кошо жер асты жана үстүндөгү коммуникациялык каражаттары да бүткөрүлүүдө. Бүгүн иш ыргагы менен облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып таанышып чыкты.

Облус башчысы Нурболот Мирзахмедов, дарыгерлер менен

Жаңы имарат колдонууга берилсе областтык оорукананын буга чейин орундар жетишсиз болуп келген бет-жаак, көз, кулак жана урология бөлүмдөрү жайгашат.

Курулуш иштери 2019-жылдын июнь айында башталган. Аны «Алым-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому аткарып, республикалык бюджеттен 77 миллион 145 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ал эми учурда Ооган- Талаа айылында оорукананын курулушу токтоп турат
Камбарали кызы Гүлназ