“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Шалы жыйноо кызыган учур

14 Октябрь 2020 жыл 11:38
Көрүүлөрдүн саны: 69

Октябрь айында Базар-Коргон районун аймагында пахта жана шалы (күрүч) жыйноо өнөктүгү кызуу жүрөт.

Азыркы учурда райондун дыйкандары жаз жана жай мезгилинде жасалган эмгектин акыбетин көрүп, түшүмдү коромжусуз жыйнап алуу аракетин жасашууда.

Шалы жыйноо техниканын күчү менен жыйналууда

Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Палванов билдирди.


Алынган маалыматка караганда, шалы (күрүч) плантацияларында заманбап техникалар иштеп, дыйкандардын эмгеги жеңилдеген. Ошондой эле ал техникалар түшүмдү коромжусу жок жыйнап алууга, күрүчтүн паясын иреттүү жыйноого шарт түзөт.

Орулуп алынган шалыны кургатуу мезгили

Учурда Базар-Коргон айыл аймагында ушундай кызуу иштер жүрүүдө. Быйылкы сугат суунун тартыштыгына карабастан дыйкандар шалы плантацияларынан көп түшүм алууга аракет кылышты.

Кызыл китепке кирген «Айбан сары» тууралуу билесизби?
 

Тимурлан Мелисбеков