“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ачы токой чарбасынан кышкыга отун алуу эрежеси

10 Октябрь 2020 жыл 8:03
Көрүүлөрдүн саны: 202

Жалал-Абал облусу, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүндөгү «Ачы» токой чарбасында кышка карата даярдыгы менен тааныштырабыз.

Өсүп турган даракты кыюга тыюу салынган

Күз айы. Отун алуу башталды. Отунду кантип мыйзамдуу жана жаратылышка зыянсыз алуу боюнча  Ачы токой чарбасынын башчысы Бактыбек Акимжанов төмөндөгүлөргө токтолду:

«Отун алууда биз атайын күз айында отун алуу боюнча эл уруксат кагазын алуусу керек. Сынган, кургап калган гана дарактарды отун катары алганы болот. Ачы токой чарбасы тарабынан өкмөттөгү карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга чарба тарабынан бекер отун беребиз. Атайын ар бир токой бөлүмүнө  пландар берилген жана аларды аткарып жатышат. Мен жогоруда айткандай уруксат кагазды алып, айылдардын тургундары талаадан кургак отун алса болот. Суу отунду алууга тыюу салынат. Бирок кээде суу отун алып, мыйзамды бузган адамдар да кездешет. Алар менен мыйзам чегинде айып пул салынат. Күздө токойчулардын иши көбүрөөк болуп, кечке өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди кайтарууга алышат. Отун алганы келген жаран уруксат кагазын алгандан кийин, банкка келип төлөйт. 1 м куб шакка 250 сом, отун болсо 450 сом.

Ошол сумманы банкка төлөп, биз иштеген жерге келип кагазды жаздырып кетсе болот. Негизи адамдар уруксат кагазын жаздырышат. Жаздырышпаган адамдар болсо ал мыйзам чегинде жооп беришет. Шак же отундун кургак, суу экиндигинде айырма жок. Уруксаты жок чыккан болбойт.

Ачы токой чарбасынын талаалары

Элдер кышка даярданышып жатышат. Бизге жаздырып анан алышат негизи. Азыркы маалда көмүр бар болгондуктан, отунду мурункудан азыраак жаздырып калышты.

Мыйзамсыз кыйылган дарак үчүн айып пул салынат

Бардык элдер токойду сакташ керек, анткени токой биздин байлыгыбыз, жаныбарлардын үйү. Келечектеги муундарга калтыруу биздин милдетибиз, талабыбыз, себеби токой бар жерде жашоо бар. Адамдар токойду мыйзамсыз кол салууну токтотушу керек», -деди Ачы токой чарбасынын башчысы Бактыбек Акимжанов.

Акимжанов Бактыбек Саитжанович

Ошондой эле Ооган-Талаа айылынын тургуну Султан Эгембердиев:

«Ооган-Талаа айылында элдер кыш мезгилине даярданып жатышат.

Ооган-Талаа айылы

Бирок баары толук даярданып бүтө элек деп ойлойм. Айта кетсем мен дагы толук даяр эмесмин. Биздин айылыбыз тоолуу аймакта болгон үчүн негизи адамдар отун, көмүр, алат. Отунду токой чарбадан жаздырып анан алабыз. Эгер мыйзамсыз кыйсаң көп суммада айып пул төлөп калуу мүмкүн. Ошондуктан дайыма уруксат алып, анан алабыз. Көмүр келип турат.

Ачы токой чарбасынын ишмердүүлүгү тууралуу окуңуз
 

Тахмина Сүёркулова, Имамбеков Гүлнур 

Фото: Тимурлан Мелисбеков